Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 13/3
Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин аймагында «Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4- беренесине ылайык Сары-Булак айыл Өкмөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу, жайыт комитетинин төрагасын шайлоо жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезектеги (v шайланган) №13-сессиясынын жыйналышында Сары-Булак айылдык округунун заседаниесинде каралып жайыт салыгынын көлөмүн белгилеп, бекитип берүү жөнүндөгү сунушун карап Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз (v шайланган) №13-сессиясынын жыйналышынын Сары-Булак айылдык округунун заседаниесинде сунуштаган Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин аймагында «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, Ошондой эле «Жайыттар жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын 13-сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу, жайыт комитетинин төрагасын шайлоо жана бюджетин бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин кезектеги (v шайланган) №13-сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасын шайлоо боюнча айыл өкмөтүнүн заседаниесинин сунушу бекитилсин.
2. Сары-Булак айылдык окуругунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
3. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин. --2015-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Иримүздүү мал -бир баш үчүн 25сом
Кой эчкилер -бир баш үчүн 10сом
Жылкылар -бир баш үчүн 25сом
-кирешелер жана чыгашалар сметасы
4. Сары-Булак айылдык окуругунун жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
5. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелеген кабыл алуу өткөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфратуруктурасынын тиешелүү обьектилери өткөрүлүп берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Сары-Булак айылдык округунун башчысы К. Матиевке жүктөлсүн.
Сары-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Кенжебаев
|