Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 13/5
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык жергиликтү өз алдынча башкаруу органдарынын жер шартына жараша жер салыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын негизинде баасын которуу жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги (v шайланган) №13-сессиясынын жыйналышы күн тартибиндеги бешинчи маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер шартына жараша жер салыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жер салыктарынын көлөмү_________________________________________________________________сомго жогорулатылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгынын көбөйүшү боюнча жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ар бир салык төлөөчү менен жекече эсептешип, жеке салыктарынын көлөмүн аныктап чыгуу жагы укук салыкчы К. Калбаев айыл башчылар менен бирдикте аткарууну колго алышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын такай көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин Туруктуу Комиссиясына Тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Кенжебаев
|