Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 28-январы № 81
Дөн-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы У.Ибрагимовдун менчик жер участогуна мончо куруу жөнүндө
Дөн-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургундарынын мончого болгон суроо-талаптарын канааттандыруу жана калкты максаттуу тейлөө максатында У.Ибрагимовдун менчик жер участогуна мончо курууга уруксат берүү жөнүндө Дөн-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургундарынын мончого болгон суроо-талаптарын канааттандыруу максатында жана калкты максаттуу тейлөө учун У.Ибрагимовдун менчик жер участогуна курууга уруксат берилсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан мончонун курулушуна тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эконмикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |