Редакцияот 26.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIV сессиясы

 

2015-жылдын 28-январы № 83

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетине кошумча озгөртүү киргизүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына карата 2014-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана бекитилген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылыгандыгынын натыйжасында бош  2629,2  мин сом акча каражаты айылдык кенештин кошумча токтомдору менен Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн тийиштүү бөлүктөрү аркылуу 2015-жылдын бюджетине  2629,2 мин сомго көбөйтүлүп аткарылууга тийиш. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн балансындагы кызматтык автоунаа эскилиги жетип ыкчам иш жүргүзүүгө жарабай калгандыктан Дөн-Булак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүгү аркылуу 307,0 мин сом 2015-жылдын 1-кварталына көбөйтүлүп 31121210-женил автоунаа сатып алуу элементи аркылуу аткарылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы жана салык меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Дөң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Тагаев