Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXV сессиясы
2015-жылдын 7-марты № 88
Дөн-Булак айыл өкмөту “Өзгөн аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына айлайык жана Дөң-Булак аймагындагы жашаган тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында Дөн-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановко жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |