Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 27-марты № 89
Дөн-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылынын тургундарынын учурдагы суроо талабын канааттандыруу максатында Бахмал-1 айылындагы бош жаткан жер аянтынын жанындагы жолду жылдырып, башка пландын негизинде бекитип берүү жөнүндө
Дөё-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылынын тургундарынын учурдагы кичи спорт аянтчасына болгон муктаждык талабы боюнча суроо талабын канааттандыруу максатында Бахмал-1 айылындагы эски башкы пландын негизиндеги жолду башка жакка жылдырып, бошогон жер аянтына кичи спорт аянтчасын куруу жонундогу арыздарын карап жана талкуулап чыгып Дон-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылынын тургундарынын учурдагы кичи спорт аянтчасына болгон муктаждык талабы боюнча Бахмал-1 айылындагы эски башкы пландын негизиндеги жолду башка жакка жылдырып, бошогон жер аянтына кичи спорт аянтчасын куруу үчүн башкы планы бекитилип берилсин.
2. Дөн-Булак айыл өкмөтүнө Бахмал-1 айылынан кичи спорт аянтчасын куруу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын райондук архитектура жана курулуш башкармасынан керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |