Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 27-марты № 92
Дөн-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөн-Булак айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап жалпы элдик жыйынын 9-март 2015-жылдагы протоколун аткаруу максатында балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Дөн-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөн-Булак айылынын тургундарынын арызын карап чыгып, учурдагы муктаждык талабын орундатуу жана жалпы элдик жыйындын протоколун аткаруу максатында Дөн-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөн-Булак айылынын жалпы тургундарынын арызы канааттандыруу максатында айылдагы чайкананын имараты 100 орундуу 4 тайпага ылайык балдар бакчасына пайдалануугу берилсин.
2. Балдар бакчаны ачуу боюнча Дөн-Булак айылында 2015-жылдын 9-мартта өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын токтомунун негизинде “Ак Шоола” аттуу балдар баракчасы ачылсын.
3. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнөн сан. Эпидстанция, өрт коопсуздугу жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнүн талаптарына ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
4. Суралсын райондук мамлекеттик администрациясынан жана билим берүү бөлүмүнөн ушул токтомду бекитип берүү жагы.
5. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адис Эргеш уулу Тилекке тапшырылсын.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |