Загрузка документа…
НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2003-жылдын 18-марты № 2
Нарын районунун 2003-жылга раиондук бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Нарын раиондук Кеңеши:
ЧЕЧТИ:
1. 2003- жылга райондун бюджетинин колому кирешелер боюнча 6784,3 мин сом, анын ичинен жергиликтуу бюджетке бекитилген кирешелер 3174,9 мин сом, жергиликтуу бюджетти тендештирилуучу кирешелер 3609,4 мин сомго, облустук бюджеттен алынуучу категориалдык грант 3197,5 мин сом тендештирилуучу грант 1405,8 мин сомго бекитилсин.
Чыгашалар болугу боюнча 11387,6 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим беруу тармагын каржылоого 4884,7 мин.сомго, маданият тармагын каржылоого 795,8 мин сом, социалдык коргоо тармагын каржылоого 483,0 мин.сом, башкаруу органдарын каржылоого 3962,1 мин сом, аскер комиссариатына 365,0 мин сом, резервдик фондко 114,0 мин сом, бюджеттик ссуданы кайтаруу 783,0 м.сом олчомундо бекитилсин (№-1 тиркеме).
2. Акциз салыгынан чегеруу ченеми 20 пайыз олчомундо раиондук бюджетке, 15 пайызы облустук бюджетке, 65 пайызы республикалык бюджетке чегерилсин.
3. Айыл Окмотторунун, шаар башкармалыгынын бюджетине чьиашалардын жана бекитилген кирешелердин, категориалдык, тендештирилуучу гранттардын олчомдорду, бекитилсин. (№-2, №-3, №-4 тиркеме).
4. Раиондук бюджеттен Нарын шаардык бюджетке соода кылуудан жана кызмат корсотуудон алынуучу салыктын 45,7 пайызы, №-2 тиркемеге ылайык бекитилген салыктар Нарын шаарынын жана Айыл окмотторунун аймагындагы салык толоо базаларынан алынсын.
5. "Кыргыз-Алконун" лицензиясын алган "Эверест" жоопкерчилиги чектелген ишкана оз ишин токтоткондуктан акциз салыгынын планын, насостук станциянын алдындагы сугат жерлеринен алынуучу жер салыгынын планын, соода кылуу кызмат корсотуудон алынуучу салыктын планын расчеттун негизинде азайтып, бюджетке озгортуу киргизип беруу Депутаттардын Нарын облустук Кеңешинин сессиясынан, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 1-августундагы №-196 Указынын 4 пунктуна, №-199 Указынын 3 пунктуна ылайык мамлекеттик структуралар боюнча 50% чейинки кошумча толомду финансалык мумкунчулукторуно жараша толоо бюджеттик мекемелердин жетекчилерине тапшырылсын.
7. Резервдик фонддон жана жыл башында калган калдыктан 2002-жылы акча каражатын болгон райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктары бекитилип, жергиликтуу бюджетке озгортуулор киргизилсин. (№-5 тиркеме).
8. Кыргыз Республикасынын Окмотунун 15-март 2002-жылдагы №-144 токтомуна ылайык жаштар комитета тузулсун. Эмгек акы толоо, соц.фондко чегеруу чыгымдары 2003-жылдын бюджетине киргизилсин.
9. 2003-жылдын райондук бюджеттин бекитүүдөгү айтылган сын-сунуштарды эске алып, жыл ичиндеги бюджетке киргизилген озгортуулорду райондук Кенештин заседаниесинин кароосуна коюп туруу Нарын райондук мамлекеттик администрациясына, райондук финансы болумуно милдеттендирилсин.
Нарын райондук кеӊешинин төрагасы |
А. Молдоев |