ТоктомКүчүндө

Баткен шаардык кеңешинин 2017-жылдын 22-майындагы №01-10/33 «Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы Айгүл-Таш подстанциясынын жанындагы өндүрүштүк багыттагы 4,5га жер аянтын аукцион аркылуу сатылууга макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция22.05.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

 

2017-жылдын 22-майындагы №01-10/33

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы Айгүл-Таш подстанциясынын жанындагы өндүрүштүк багыттагы 4,5га жер аянтын аукцион аркылуу сатылууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №101 Мыйзамынын  31-беренесинин 1;5-пункуттарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №571 токтомуна  ылайык, Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун протоколунун  негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы Айгүл-Таш подстанциясынын жанындагы өндүрүштүк багыттагы 4,5 га жер аянтын аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселлери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                                      А.Ташбеков