Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/32
Кызыл-Жол АТОсунун БАМ участкасындагы социалдык обьектиге калтырылган жер аянтынан Кут Билим окуу тарбия комплексин курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 1;5-пункуттарына жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 11-майындагы №01-22/245 каты менен Кут-Билим окуу тарбия комплексине шаардын Чет-Булак массивинен берилген 2,0 га өлчөмүндөгү жер аянтынан таза суунун алыстыгынан жана канализациянын жоктугунан баш тартуу менен башка жактан берүү өтүнүнүчүн орундатуу жөнүндөгү тушундурмөсүнө ылайык, шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоклунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун БАМ участкасынан социалдык обьектилерге калтырылган жер аянтынан 1,3 га жер аянты Кут-Билим окуу тарбия комплексин куруу үчүн бөлүнүп берилүүгө макулдук берилсин.
3.Ушул тоткомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков