Редакцияот 22.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

 

2017-жылдын 22-майындагы №01-10/33

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы Айгүл-Таш подстанциясынын жанындагы өндүрүштүк багыттагы 4,5га жер аянтын аукцион аркылуу сатылууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;5-пункуттарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №571 токтомуна ылайык, Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун протоколунун  негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы Айгүл-Таш подстанциясынын жанындагы өндүрүштүк багыттагы 4,5 га жер аянтын аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселлери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                                       А.Ташбеков