Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/35
Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндөгү 0,138 га жер аянты Т.У.Р.М ишканасына берилип, кайра баш тартылган жер аянтын жана жер аянтында жайгашкан имараттары шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1; 5-пункуттарына жана Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамына жана Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча турктуу комиссиясынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги №3 протоколунун ылайык Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндөгү 0,138 га өлчөмүндөгү жер аянты мурда Т.У.Р.М. ишканасына берилип, бирок аталган ишкана жоюулуп кеткендигине байланыштуу, ал жер аянтынан баш тартуу жөнүндөгү РСТБнын 2016-жылдын 30-августундагы №158 катынын негизинде жер аянтын шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасына алуу максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндөгү 0,138 га өлчөмүндөгү жер аянты мурда Т.У.Р.М. ишканасына берилип, кайра аталган ишкананын, ал жер аянтынан баш тартуу жөнүндөгү катынын негизинде 0,138 га өлчөмүндөгү жер аянты жана жер аянтында жайгашкан имараттар шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков