Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/36
Баткен шаарынын мэриясынын алдндагы “Шаардык көрктөндүрүү жана жарыктандыруу” муниципалдык ишканасын, “Баткен-Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;5-пункуттарына жана Баткен шаар мэриясынын 2017-жылдын 17-апрелиндеги №03-25/ 63 буйругунун, Баткен шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 6-мартындагы протоколуна ылайык, “Шаардык көрктөндүрүү жана жарыктандыруу” муниципалдык ишканасын, “Баткен-Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасына кошуу максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Шаардык көрктөндүрүү жана жарыктандыруу» муниципалдык ишканасынын 14 бош орунда кармалып жүргөн штат бирдиги жоюлуп, төмөнкү 6 штат бирдиги «Баткен –Тазалык» чарбалык эсептеги ишканасына кошулсун:
-директордун орун басары 1 орун;
-эсепчи 1 орун;
-жумушчу 4 орун.
2. Кошулган штат бирдиктерин мыйзам ченеминде "Баткен-Тазалык» чарбалык эсептеги ишканасына кошуп берүүнү жүзөгө ашыруу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. 3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /З.Ахмедова/ тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков