Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/39
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын “Баткен шаарындагы “Жаштык” жана “Жеңиш” паркына коммерциялык багыттагы курулмаларды курууга тыюу салуу жөнүндөгү” №35 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2015-жылдын 15-июлдагы №101 мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын №35 токтому менен “Баткен шаарындагы “Жаштык” жана “ Жеңиш” парктарына коммерциялык багыттагы курулмаларды (жеңил жана капиталдык курулуштарды) курууга тыюу салуу жөнүндөгү токтомуна толуктоолорду киргизүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарындагы “Жаштык” жана “Жеңиш” парктарына коммерциялык багыттагы курулмаларды (жеңил жана капиталдык курулуштар) курууга тыюуу салуу жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын №35 токтомунун 1-пункутуна төмөнкүдөй түзөтүүлөр киргизилсин.
-Баткен шаарындагы “Жаштык” жана “Жеңиш” парктарына коммерциялык багыттагы курулмаларды (жеңил жана капиталдык курулуштар), “Тейлөө чөйрөсүнүн тышкары” (суусундук, бал муздак сатуу, атракциондорду орнотуу) курууга тыюу салынсын.
2.Аталган пактарга мурда жеңил конструкциядагы курулмалар үчүн ижарага берилген курулмалардын берилген мөөнөтү аяктагандан кийин келишимди токтотуу жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ эскертилсин.
3.Токтом шаар калкына шаардык “Өрүк зар” коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков