Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/40
Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №33 Мыйзамын 31-беренесинин 2-пунтунун жана Баткен шаардык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2017-жылдын 15-майындагы протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын 2017-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2017-жылга каралган сметасынын 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынын II кварталынын планы 3975,2 мин сомго , III-кварталынын планы 3000,0 мин сомго баары болуп 6975,2 мин сомго кыскартылып,Баткен шаарынын мэриясынын 2017-жылга каралган сметасынын 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынын II кварталынын планы 3975,2 мин сомго , III-кварталынын планы 3000,0 мин сомго баары болуп 6975,2 мин сомго кобойтулуп берилсин.
3.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2017-жылга каралган 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынын II кварталынын планы 808,0 мин сомго кыскартылып,III-кварталынын планы 808,0 мин сомго көбөйтүлсүн. 3112 «Машина жана эмеректер» статьясынын III кварталынын планы 808,0 мин сомго кыскартылып, II-кварталынын планы 808,0 мин сомго кобойтулуп берилсин. 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынын II кварталынын планы 783,0 мин сомго, 2222 “чарбалык материалдарды сатып алуу” саттьясынын II-кварталынын планы 200,0 мин сомго баары болуп 983,0 мин сомго кыскартылып, 3112 «Машина жана эмеректер» статьясынын II-кварталынын планыны 592,0 мин сомго, 2215 «Ар түрдүү кызмат көрсөтүү» статьясынын II-кварталынын планы 391,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
4.Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2017-жылга каралган 2721 «Жеңилдиктер» статьясынын III-кварталынын планы 71,0 мин сомго кыскартылып II-кварталынын планы 71,0 мин сомго көбөйтүлсүн, 2111 «Эмгек акы төлөө» статьясынын 2017-жылга каралган II-кварталынын планы 71,0 мин сомго кыскартылып, III-кваталынын планы 71,0 мин сомго кобойтулуп берилсин.
5. Баткен шаарынын мэриясынын 201-жылга каралган 2222 «Учурдагы максаттар жана буюмдарды жана материалдарды алуу” статьясынын II-кварталынын планы 30,0 мин сомго кыскартылып, Баткен шаардык маданият болумунун 2017-жылга каралган II-кварталынын планынын 2222 “Учурдагы максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” статьясы 30,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
6. Баткен шаарынын мэриясынын 2017-жылга каралган 2225 “Күзөт кызматын сатып алуу” статьясында каралган 72,1 мин сом кыскартылып, Баткен шаарынын муниципиалдык менчик департаментинин 2225 “Күзөт кызматын сатып алуу” статьясы 72,1 мин сомго кобойтулуп берилсин. Баткен шаарынын муниципиалдык менчик департаментинин 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан 77,9 мин сом кыскартылып, 2225 “Күзөт кызматын сатып алуу” статьясы 77,9 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
7.Баткен шаарынын билим берүү бөлүмүнүн балдар бакчаларынын 2017-жылга каралган 2231 “Учурдагы ремонт иштери” статьясынын IV кварталынын планы 116.1 мин сомго кыскартылып,III-кварталынын планы 116,1 мин сомго көбөйтүлсүн.
8.Баткен шаарынын билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын 2017-жылга каралган 2212 “Байланыш кызматы” статьясынын планынын II-кварталы 2,0 мин сомго кобойтулуп, III-кварталынын планы 2,0 мин сомго кыскартылсын. 2222 “Учурдагы максаттар жана буюмдарды сатып алуу” статьясынын II-кварталынын планы 2,0 мин сомго кыскартылып, III кварталынын планы 2,0 мин сомго кобойтулуп берилсин.
9.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына / тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков