Редакцияот 18.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шадыкан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-сессиясы

 

 2015-жылдын 18-мартындагы № 3

          Шадыкан  айылдык  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  2014-жылдагы  киреше  бөлүгүнүн   жыйынтыгынан  келип  чыккан  чыгашадан  ашкан  кирешени  чыгымдоо  жөнүндө

              Шадыкан  айылдык  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  2014-жылдагы  киреше  бөлүгүнүн   жыйынтыгынан  келип  чыккан  чыгашадан  ашкан  кирешени  чыгымдоо  жөнүндөгү   маселени  карап  чыгып  талкуулап   депутаттардын  Шадыкан  айылдык  Кеңешинин  26-чакырылышынын   1-сессиясы 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

      1. Шадыкан  айыл  өкмөтүнүн  2014-жылдагы  киреше  бөлүгүнүн  жыйынтыгынан  келип  чыккан   чыгашадан  ашкан  кирешеси  135  000   сом  акча  каражатын  түзгөндүгүн  эске  алсын.

      2. Шадыкан  айыл  өкмөтүнүн  2014-жылдагы  киреше  бөлүгүнүн  жыйынтыгынан  келип  чыккан   чыгашадан  ашкан  кирешеси  135  000   сом  акча  каражатын  төмөндөгү  бөлүмдөр  боюнча  чыгымдоого  уруксат  берилсин.

          Шадыкан  айыл  аймагынын 

-  ТЖК  бөлүмүнө  келишим  менен  иштегендерге  2111  эмгек  акасы        -  115,2 миң сом

- Социалдык  фондго     төгүмдөр                                2121                               -  19,8 миң сом

      3.  Бул  токтомдо  көрсөтүлгөн   чыгымдарга  акча  каражатын   бөлүм  берүү  Бакай-Ата  райондук  каржы  бөлүмүнө   сунуш  кылынсын.

      4. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы   айыл  өкмөтүнүн  башкы  бухгалтери   Г.Жээнбаевага  жүктөлсүнэ.

 

Төрага

А. Байгончоков