Редакцияот 18.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Шадыкан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 1-сесиясы

 

 2015-жылдын 18-мартындагы №5

Шадыкан айыл аймагына караштуу С.Көчөрбаев  атындагы эски имараты жөнүндө

  Шадыкан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын  2015-жылдын 18-мартындагы 1-сессиясына айыл өкмөт  башчысы  М.Ызабековдун Шадыкан  айыл  аймагына  караштуу  Түйтө  айылындагы  С.Көчөрбаев  атындагы  орто  мектебинин эски  имаратын  капиталдык  ремонттон  өткөрүп балдар  бакчасын ачуу  демилгесин угуп  талкуулап 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1. Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылындагы Солтонбек Көчөрбаев атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык  ремонттон  өткөрүп  балдар  бакчасы  ачылсын  деп  табылсын.

     2. Долбоордун жалпы суммасы  3337907  сомду  түзүп  өздүк  салымы 343804 сомду түзүп анын  ичинен 171902 Шадыкан  айыл  аймагынын 2015-жылдын  бюджетинин  эсебинен төлөнүп  берилсин.

      3. Мындан  тышкары өздүк салымдан  калган  50% бөлүгү  171902  сому  материал түрүндө  жана  эмгек  ресурсу  менен  камсыз  кылуу  жагы айыл  өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

     4. Токтомдун аткарылышы Шадыкан  айыл  аймагынын  башчысы М.Ызабековго  милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Т. Байгончоков