Редакцияот 03.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 5 сессиясы

 

2017-жылдын 3-апрелиндеги №5/1

Гүлчө айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилердеги карылыгы жеткен тал-теректерди, тушум төмөндөп калган алмаларды кыюу жөнүндө

Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 5-заседаниеси Гүлчө–Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковдунбилдирүүсүн угуп  жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун  негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүндөгү төмөндөгү социалдык обьектилердеги тушум төмөндөп калган алма, карылыгы жеткен тал-теректер кыйдырылсын:

1. Т.Отунчиев атындагы мектеп гимназиясы – 6 (алты) түп терек,7 (жети) түп алма, 2(эки) түп кара жыгач,1(бир) түп ясень

2. №3 балдар бакчасында 1(бир) түп терек

3. Гүлчө багындагы  - 5(беш) түп кара жыгач

4. М.Адышев атындагы мектеп –гимназиясындагы-1(бир) түп тал, 1 (бир) түп кара жыгач

5. Б.Аданбаева атындагы орто мектептин -2(эки) түп тал, 2 (эки) түп терек, 1 (бир) түп өрүк, 1 (бир) түп алма

6. Ысманов атындагы орто мектеби – 14 (он төрт) даана кара жыгач

 

2. Жогорудагы тал-теректерди мыйзам чегинде кыйдыруу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы  Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Исмаилов