Редакцияот 03.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 5 сессиясы

 

2017-жылдын 3-апрелиндеги №5/2

Гүлчө -Тазалык» ишканасынын автомашиналарынын кызмат акысын, мекеме-ишканалардын таштандыларын чыгаруу үчүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 5-заседаниеси Гүлчө –Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковдунбилдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун  негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Гүлчө -Тазалык» ишканасынын автомашиналарынын кызмат акысын, мекеме-ишканалардын келишимдин негизинде таштандыларын чыгаруу үчүн тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

1.      Портер автомашинасынын кызмат көрсөтүү акысы бир рейси – 800 сом

2.    Зил автомашинасынын кызмат көрсөтүү акысы бир рейси – 1200 сом

3.    Маз автомашинасынын 8 тонна суу алып барып берген кызмат акысы бир рейси – 1200 сом

4.    «АЦ»  ГАЗ-53 автомашинасынын  ажааткана тазалаганы үчүн -2500 сом, септикти тазалаганы үчүн – 1500 сом

5.    Ресторандардан – 500 сом

6.    Кафелерден – 300 сом

7.    Магазиндерден – 200 сом

8.    Мекеме ишканалардан – 200 сом

9.    Автовакзалдан – 2000 сом

10. Базардан – 3000 сом

11. Банктардан – 1200 сом

12. Жеке менчик машиналардын таштанды таштоочу жайга таштанды таштагандыгы үчүн Камаз автомашинасы үчүн-300 сом, ЗИЛ автомашинасы үчүн – 200 сом, портер авомашинасы үчүн – 100 сом.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Исмаилов