Редакцияот 30.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 5 сессиясы

 

2017-жылдын 30-мартындагы №6/1

Гүлчө айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактап бекитүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 6-заседаниеси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  жерге жайгаштыруу “Кыргызмамжердолбоор” институтунун калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча материалдарынын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун  негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызмамжердолбоор” институту иштеп чыккан Гүлчө айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо материалдары бекитилсин.

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

К. Исмаилов