Редакцияот 03.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТӨКТӨМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 7 сессиясы

 

2017-жылдын 3-апрелиндеги №7/4

Гульша –Таза-Суу ИСКАКБнын Гүлчө айылындагы таза сууга тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 7-заседаниеси Гульша –Таза-Суу ИСКАКБнын жетекчиси А.Иманахуновдун  билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун  негизинде

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылында 2017-жылга үйүнүн ичинен суу алган абоненттерге ар бир жанга 20 сомдон, сырттан ташып ичсе 12 сомдон, суу эсептегичи бар абоненттерге 1 кубуна 15 сомдон болуп бекитилсин.

2. Гульша –Таза-Суу ИСКАКБнын Гүлчө айылындагы  мекеме-ишканалар, банктар, ресторан, кафелер, мончолор  менен таза сууга келишим түзүү үчүн тарифтери айына төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

1.    Мекеме ишканалардан – 500 сом

2.    Банкттар – 500 сом

3.    Ресторандардан – 300 сом

4.    Кафелерден – 200 сом

5.    Мончо -300 сом

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке  милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Исмаилов