Редакцияот 04.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 27-сессиясы

 

2017-жылдын 4-февралындагы №27-9

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөр жана кошумчалар киритүү жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтү тарабынан сунушталган айыл өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына киритилген өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы өзгөртүүлөрү жана кошумчалары менен бекитилсин. (план тиркелет)

2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планында белгиленген иш чараларды аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планында белгиленген иш чараларды аткарылышы боюнча жылдык очетторду угуу белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге тапшырылсын.

 

Төрага

                    Б. Маннапов

 

 

С. Юсупова айылдык Кеңешинин

4-чакырылышынын 27-сессиясынын

№ 27-9- токтому менен бекитилген.

 

 

Мазмуну:

 

Кириш сөз.

1.            Стратегия элеси.

2.            Миссия.

3.            С.Юсупова атындагы айыл өкмөттүн профайлы.

4.            Тышкы чойрону анализдөө.

5.            С. Юсупова айыл өкмөтүнүн бюджетин анализдөө.

6.            Менчик анализи (Тиркеме 1)

7.            SWOT - Анализи.

8.            Иш-чаралар:

1.           

2.           

3.           

4.           

5.           

6.           

7.           

8.           

9.           

9.1.          Социалдык багыт.

9.2.          Экономика.

9.3.          Айыл чарба.

9.4.          Инфраструктура.

9.5.          Кадрлар менен иштөө.

9.            Мониторинг.

Сонку сөз.

Тиркеме 2. С.Юсупова айыл аймагы боюнча жарандарды сурамжылоонун жыйынтыгы.

Тиркеме 3. С.Юсупова айыл аймагынын жарандарынын муктаждыгын баалоо боюнча маалымат.

Урматтуу окурман!

Биз, СЮсупова айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык Кенешинин депутаттары, жаштар өкүлчүлүктөрү жана ошондой эле кызыккан жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирге жаңы 2017-2021 -жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыктык.

Биздин иш аракеттер MSDSP KG - Кыргызстандын Тоолуу Аймактарындагы Жааматтардын ӨнүгүүсүнКолдооПрограммасынынКоомдукФонду (Ага-Ханфондунундемилгеси) «Коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө»долбоору менен ишке ашырылган.

Урматту окурман, Сиздин колуңуздагы СЮсупова айыл аймагынын 2017-2021-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы менен толук таанышып чыгышыңызды каалайт элем, себеби бул планды түзүүдө жумушчу топ өзүнүн болгон күч аракетин жумшап, кызыктуу идеяларды, алдыга койгон максаттарды белгилеп, кыялдануусун дагы жашырган жок. Жазылган ар бир сап айылдын өнүгүүсүнө түрткү боло турган дем менен курчалган.

Биз, С Юсупова айылдык аймагынын тургундары, өнүгүү планын ишке ашырылышына баардык мүмүкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз жана кандай кана кыйынчылык болбосун, биримдикте иш алып барып, айыл аймагыбызды эң алдынкылардан кылууга аракет жумшап, жарандарыбызды бакубат жашоого жетишине түрткү берерибизге мен ишенем.

 

 

 

 С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы:

 Файзуллаев Ш.Х.

1.   Стратегия элеси.

Биз, С. Юсупова айыл аймагынын тургундары келечекте айылыбызды

ü  айыл чарбасы жаны технологиясы менен өнүккөн,

ü  социалдык тармактары жогорку денгээлде (балдар бакчалары, мектептер, спорттук аянтчалар, китепканалар, медициналык имараттар жетиштүү, эл таза суу жана электр энергия менен толугу менен камсыз болот),

ü  сапаттуу билим жана сапаттуу медицина кызматы менен камсыз болгон,

ü  айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, эл жумуш орду менен камсыз болгон,

ü  эли бакубат турмуш жашоого жетишкен,

ü  айылдын инфраструктурасы өнүккөн, экологиясы таза, көчөлөрү түз, жарык, таза жана гүлдөрү көп,

ü  эли маданияттуу жана жогорку билимдүү,

ü  башкарууда күчтүү, профессионал кадрларга ээ болгон көп улуттуу, ынтымактуу

айыл деп көрөбүз!!!

 

 

2.   Миссия.

ü  Башкаруу органы элесге жетүү үчун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элине бардык шарттарды түзүү;

ü  Жергилитүү өз алдынча башкаруу органы элеске жетүү үчүн ар бир жаранга, коомдук уюмга жана башка жарандык коомдук окутуна муниципалдык жана мамлекеттик органына Кыргыз Республикасын мыйзамдарына ылайык бирдей шарттарды түзөт;

ü  Башкаруу органыда бардык иш чараларды ачык айдындуулук принциптери негизинде аткаруу;

ü  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл аймактын өнүгүүсүнө толук малыматтарды берүү, жарандарды чечим кабыл алуу процессин катыштыруу.

 

 

3.   С.Юсупова атындагы

айыл өкмөтт/Н профайлы.

С. Юсупова Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 1999-жылы 16 сентябрда түзүлгөн. Айыл өкмөтү район борборунан алыстыгы 1 км. Облустук борбордон 25 км. Темир жол станциясынан 27 км, эл аралык «Ош» аэропортунан 30 км алыстыкта жайгашкан. Айыл өкмөт территориясы негизинен райондук центрде жайгашкан. Алыскы айыл Сүтхор айылы эсептелет. Ал Айыл өкмөт имаратынан 15 км алыста жайгашкан.

 

 Айыл өкмөт батыштан Чекабад АӨ, чыгыштан А.Анаров АӨ, түштүгүнөн Мангыт АӨ, түндүктөн Нурабад айыл өкмөттөрү менен чектешет. Райондогу Араван-Сайдын оң жээгинен орун алган.

Айыл өкмөтүнүн рельефи дыйканчылык жана мал-чарбасы менен иштөөгө ыңгайлуу. Дениз деңгээлинен бийктиги 600 – 800 м. Климаты дыйканчылык үчүн өтө ынгайлуу, мезгил алмашуу өз убагында болот. Ошондуктан дыйкандар бир сезондо эки түшүм алышат. Дыйканчылык жакшы өнүккөн, жай айларында 40 – 450 С ысык болот, күз мезгили жакшы келет.

Калктын саны 22.01.2016 жылга карата: кожолук саны 4964, адам саны 24208, анын ичинен 11907 эркек, 12301 аялдар түзөт. Айыл өкмөт территориясында элдер тыгыз жашайт, 1 кв. метрге 80-100 - киши туура келет.

Калктын улуттук курамы:

·           Кыргыздар – 2291

·           Өзбектер – 21448

·           Орустар – 47

·           Тажиктер – 76

·           Башка улуттар – 346 тузөт.

 

Айыл өкмөттүн аппаратында 27 штаттык бирдик бекитилген. Аппаратта 21 эркек, 6 аял эмгектенет.

Айыл кенешинин курамы 31 депутаттан турат, алардан 27 эркек, 4 аял.

Айыл өкмөтүнүн киреше булактары:

·           Жергиликтүү бюджет – 28000,0 (2016 жылга карата).

·           Республикалык бюджеттен (мугалимдер, тарбиячылар, медиктердин айлык маянасы) – 44590,6.

·           Тендөөчү грант – 2795,4.

·           Өсүү темпи – 173,5.

Айыл өкмөтүнүн калкы:

·           Мал-чарба менен – 35 %;

·           Дыйкан чарба менен – 43% (дыйканчылык жакшы өнүккөн, дыйкандар эртенки картошка, карам, помидор, бадыран, пияз, пахта, буудай жетиштирет);

·           Соода-сатык – 16%;

·           Кызмат көрсөтүү – 2%;

·           Башкалар – 4%.

 

Айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянты – 15277 га. Айыл чарба жерлери – 8763 га.

·           Жалпыайдооаянты 2131 га,

·           Сугат – 1754 га,

·           Кайрак – 377 га,

·           Жайыт – 6439 га,

·           Бак – 114 га,

·           КБФ – 548 га,

·           Тамарка – 449 га.

Айылаймактерриториясынын 40% инжайытжерлерээлейт. Бирок алар айыл өкмөттөн алыста жайгашканы үчүн толук пайдаланылбайт.

 

Азыркы учурда айыл өкмөтүндө мал чарбасы боюнча 1 ветврач жана 1 ветеринардык аптека, 7 ветеринар бар.

·           Ийри мүйүздүү мал – 5182;

·           Анын ичинен уйлар – 1951;

·           Кой-эчкилер – 5510;

·           Жылкы – 45;

·           /й канаттуулар – 9483 даана.

 

Алардан алынган продукцияларын өндүрүү:

·           Эт (тирүүлөй салмакта) – 796 т;

·           Сүт – 3884 т;

·           Жүн – 12 т;

·           Жумуртка – 613,0

Айыл өкмөтү 90% таза суу менен камсыз болгон. Айыл өкмөттө 3 СООПВ кызмат көрсөтөт.

Бирок сугат суу маселеси Кызыл-Төбө, Бирлик, Сүтхор, Октябрь, Эрке-Кашка айылдарында оор. Жай айларында бул айылдарда сугат суу саат менен берилет. Айыл өкмөттө 19 скважина, 3 АВП иштейт.

Көчөлөрдү тазалоо иштери айыл өкмөтү жана жамааттар менен иш жүргүзүлөт.

АӨ аймагында 2652 атуул пенсия, 459 атуул пособия алышат. Пенсия, пособия өз убагында ай сайын төлөнүп келет.

 Айыл өкмөтүндө 2 ФАП, 1 ГСВ (үй–бүлөлүк дарыгерлер тобу) элге кызмат кылат.

 Бирок ГСВ имаратынын корпусунда врачтар үчүн кабинеттер жетишпейт. Ошондуктан элдер башка айылга барышат.

Айыл өкмөттүн аймагында:

·           Дыйкан чарбалар – 1930 даана;

·           Кооперативдер – 5;

·           /рөөнчүлүк чарба – 2. (үрөөнчүлүк негизинен пахта жана буудай үрөөндөрүн даярдайт).

 

Дыйканчылыкта өндүрүлгөн продукциялар айыл өкмөт территориясында жайгашкан «Мөмө-жемиш» базарында сатылат.

Айыл өкмөттө кайра иштеп чыгуучу кичи ишкана жок.

Айыл өкмөттүн аймагында 6 орто мектеби, 1 башталгыч жана 4 балдар бакчасы иштөөдө.

 Окуучулар санынын өсүү натыйжасында бүгүнкү күндө А.Навои, С. Шарипов атындагы орто мектептерде окуу канаалары жетишпейт.

·           Окуучулардын саны – 4777;

·           Мугалимдер – 363.

Ар бир мектепте китепкана жана спорт зал бар. Мындан тышкары 2 айылда китепкана, 3 спорт майданчасы, 1 стадион бар.

Балдар бакчаларда:

·           Балдардын саны – 270;

·           Тарбиячылардын саны – 50.

 

Айыл өкмөтү территориясында бардык банктар иштеп келет, бирок кредит берүүнүн пайызы жалпысынан 26 – 32% түзөт.

 Айыл өкмөтүндө жер негизинен 0,7–0,9 га берилген. Ошондуктан жумушсуздук көп. Жаштардын 40-50% Россия Федерациясына иштеш үчүн кетет.

4.    Тышкы чөйрөн/ анализдөө.

Араван районундагы С.Юсупова Айыл өкмөтү мамлектибиз тарабынан кабыл кылынган «2013-2017-жылдар үчүн мамлекетти өнүктүрүү Стратегиялык планы» нын алкагында айыл аймагынын статегиялык планы кабыл алынган.

Стратегиялык пландын негизги максаты айыл тургундарынын турмуш шартыны жакшыртуу, айылды көрктөндүрүү жана элге социал кызматтарынын сапатыны жогорулатуудан турат. Булар элди таза ичимдик суу менен камсыз кылуу, медицина кызматынын сапатыны көтөрүү үчүн ГСВ жана ФАПтардын материалдык-техникалык базасыны бекемдөө, ошондой эле мектептердин, бала бакчаларынын материалдык-техникалык базасыны бекемдөө аркалуу билим сапатыны жогорулатуу болуп эсептелинет. Элдин негизги киреше булагы болгон айыл чарбасыны өнүктүрүү, жер менен иштөөдө жаңы технологияларды айыл тургундарына жеткирип туруу, айылда кичи ишканалар ачууга көмөктөшүү аркылуу кошумча иш орундар түзүү, айыл аймагынын инфракструктурасын жакшылоо – жол, электр энергия, суу ресурустарын жана башкаларды куруу менен ремонттоодон турат.

Айыл өкмөтү кабыл кылган стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн мамалекетибиз тарабынан кабыл алынган Программалар, Мыйзамдар негизинде иш алып барууда.

Мисалы үчүн: «2011-жыл облусубузда инвестицияларды тартуу жана иш орундардын ачуу, иштеп чыгарылган айыл чарба продукцияларыны кайра иштетуучу жана сактоочу кичи ишканаларды ачуу жылы» деп жарыялаган.

Мына ушул максатта айыл өкмөтү аймагында да 20 дан ашык кичи ишканалар ачылды, булар мебелдерди даярдоо жана реставрация кылуу цехтери, гыш чыгаруу цехи, аялдар үчүн чеберкана, набайкана, ашканалар, кондитердик цехтер жана башкалар.Бул ишканаларда 500 дөн ашык ишчилер иштешүүдө.

2015-жыл Экономиканы көтөрүү жылында өкмөтүбүз элдин турмуш шартыны дагы да жакшылоо жана айыл чарба продукцияларыны сатууга шарт жаратуу максатында: «Мөмө-жемиш» базарынын базасында түнкү базарды ачууга жетишти. Бул жерде айыл тургундары өздөрү жетиштирген продукцияларын дүң баада сырттан келген кардарларга сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Мурда айыл тургундары өздөрүнүн айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн облус борбору Ош шаарына барчу.

С.Юсупова айыл өкмөтү тышкы инвестицияны алып келүүдө, чет элдик донорлор менен өз ара кызматташтык кылууда да тажырыйбасы жетиштүү.

Айыл өкмөтү өзүнүн стратегиялык планыны ишке ашырууда чет элдик инвестиция жана мамлекеттик ишканалар менен үзүрлүү кызматташтык кылып келүүдө.

Мисалы, өткөн 2010-2015-жылдарда айыл өкмөтү баары болуп, 23 457 000 сом грант алып келди.

Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтүнүн финансы министирлигинин стим. Гранты негизинде Манас мектебинин спорт залы курулду. Бул курулушка 11 500 000 сом ажыратылган.

2014-2015-жылда айыл өкмүтүнүн бюджетинин эсебинен 4 балдар бакчасы ачылды. Азыр балдар бакчасында 225 бала тарбия алууда. Балдар бакчасында иштөө үчүн айыл өкмөтүндө жашап жаткан 60 адам иш менен камсыз болду. Булар Каржы министирлигинин бюджетинен айлык алышууда.

Айыл элинин өсүшү жана автотранспорттун көбөйүүсүнүн себебинен өкмөт аймагындагы Аравансайдагы 1 көпүрө тыгын болуп элге кыйынчылык жаратчу. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт Аравансайга 2 көпүрө куруу зарылчылыгы бар экендиги туурасында Каржы министрлигине, Транспорт министирлигине жана депутаттарга кайрылуу жасады. Натыйжада копүрө сметасы даярдалып, мамлекет бюджетинин сметасына киритилүү алдында турат.

Элдин өсүшүнүн натыйжасында айыл аймагында курулган ГСВ нын имаратынын бөлмөлөрү жетиштүү болбой калды. Бөлмөлөрдүн кичине жана аздыгынан айрым медицина кызматтары бул жерде жок.

Айыл элинин өсүүсү жана жашоо аймагынын кеңейгендиги менен окуучулар үчүн Мектеп, окуу бөлмөлөрү жетишпей жатат. Мисалы С.Шарипов мектебинин окуучулары толук 2 сменде окушат, бул мектепке окуучулар Теплица участкасынан 3-5 км жол басышып келишет. Теплицада мектеп ачуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарына жана Каржы министирлигине кайрылып, сметасы даярдалып тапшырылды.

С. Шарипов мектебине да кошумча окуу бөлмөлөрү керек. Бул мектептин китепканасынын имараты да авариялык абалда. Азыр китепкананын сметасы даярдалып, АРИС проектисине тапшырылды.

Навои жана Сайдахматов мектеби үчүн да кошумча окуу бөлмөлөрүнүн сметалары даярдалып,стим. грантка тапшырылды.

Айыл өкмөтү өз алдына койгон максатына жетүү үчүн тышкы мамилелерди дагы да бекемдеп баруу керек: чет элдик инвестициялар, мамтекеттик ишканалар, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар, жааматтар менен тыгыз байланышта болу зарыл.

 

5.   С. Юсупова айыл өкмөт/н/н бюджетин анализдөө.

Бул документте С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2014-2018 жылдардын бюджетин анализдөөсү көргөзүлгөн.

Бюджетти анализдөө максаты-тенденцияларды аныктоо, бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүктөрүн түзүлүшүн аныктоо, каражаттарды көбөйтүү жана рационалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн табуу.

2014-2015-жылдардагы бюджеттин көрсөткүчтөрү киреше жана чыгашанын чындап даражасынан келип чыкты. 2016-2018-жылдарга коюлган сандар пландаштырылган мааниде.

А. Кирешелердин структурасы.

Бюджеттин киреше бөлүгү үч негизги топтон түзүлөт:

1.Салыктан түшкөн киреше (мисалы: киреше салыгы, патенттин негизиндеги салык, мүлккө төлөнүүчү салык, жерге төлөнүүчү салык жана ж.б);

2.Салыктык эмес киреше (мисалы, арендадан түшкөн киреше, администрациялык жыйымдар жана төлөмдөр, башкалар);

3.Трансферттер (республикалык бюджеттин эсебинен).

·                    Тенденциялар (2 жыл: 2014, 2015, жана бюджеттин 2016-жылга долбоору).

Бюджеттин киреше тенденциясы төмөндөгү принциптердин негизинде түзүлгөн: салыктык кирешелер көбөйүү эсебинде пландаштырылган. Салыктык эмес кирешелер туруктуу даражада жогорулашысыз жана төмөндөшүсүз пландаштырылат. Трансферттердин төмөндөө тенденциясы бар.

Көргөзмөлүү төмөндөгү диаграмма түрүндө көрсөтсө болот (өлчөө бирдиги-миң сом).

·                    Жергиликтүү бюджеттин жалпы кирешелердин ичинен өздүк кирешелердин үлүшү (республикадан келчү акча каражаттардан сырткары)

Жылдар боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше структурасы төмөндөгү диаграммада көрсөтүлгөн (өлчөө бирдиги-миң сом):

Диаграмманы анализдөөдө көрсөткөндөй, жылдан жылга салыктык кирешелер кирешенин жалпы структурасы өстү (2015-жылда 72% тен 2017-жылы 81% ке чейин). Трансферттердин көлөмү төмөндөшү ачык айкын көрүнүп турат. Салыктык эмес кирешелер өзүнүн салыштырма салмагын сактап турат (10-12%).

Бул анализ оң тенденцияларды тастыктайт, жыйымдардын жогорулашы жана салыктык кирешенин салыштырмалуу салмагы төмөндөгү фактылар жөнүндө айтат:

-          салыктарды жыйноо жана администрлаштыруу процесстерин жакшыртуу;

-          жергиликтүү булактардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өсүшү;

-          калктын экономикалык активдүүлүгүнүн жогорулашы;

-          социалдык инфраструктурага кошумча чыгашаларды пландаштыруу мүмкүнчүлүктөрү.

 

·                    Жергиликтүү жыйындардын жана салыктардын өлчөмү (максималдык деңгээлдеби?)

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2014-2018-жылдардын бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн.

Жыл

2014-факт

2015-факт

2016-план

2017-план

2018-план

Киреше,

миң сом

24 093,2

27 176,1

27 867,1

29 245,4

30 555,9

 

5 жыл ичинде кирешелер 127 пайызга өсүшү пландаштырылат. Бул бир тараптан оң тенденция. Башка тараптан кирешенин 5 жыл ичинде 127% өсүшү - бир канча суроолорду туудурат. Инфляцияны эсепке алганда, кирешелердин өсүшү прогрессивдүү мүнөзгө ээ болушу керек.

Ошондуктан, жыйынтык чыгарсак болот, кирешелердин көбөүү тенденциясын сактоо үчүн ар кандай тобокелдерди эске алуу зарыл, аныгыраак:

-          инфляцияны (аныкталган жылдарда 8-12% түзөт);

-          пландаштырылган кирешелерди толук эмес алуу тобокели;

-          товарлардын жана кызматтардын баасынын өсүшү тобокели, таасири пландаштырылган иш чаралардын аткарылбай калуусу тообокели;

-          кризис үчүн салыктарды топтоо төмөндөшү тобокели жана экономикалык активдүүлүгүнүн төмөндөшү.

Анализ көрсөткөндөй учурдагы киреше жана салыктарды жыйноо менен бюджеттин чыгаша бөлүгү аткарылышы анык. Ошондой эле С. Юсупова айыл өкмөтү бюджетти пландаштырууда жогоруда көрсөтүлгөн тобокелдерге көңүл буруусу зарыл.

·                    Жеке ишмерлерге болгон жардам демилге, мисалы жаңы баштап жаткан жеке ишкерлерге.

С.Юсупова айыл өкмөтү жеке ишкерликтин өнүгүүсү жана колдоону артыкчылыктардын бири деп эсептейт. Ишкерликтин өнүгүүсү аркылуу жаңы жумушчу иш орундары пайда болот, жергиликтүү бюджетке төлөөлөр көбөйөт. Айыл өкмөттүн жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан жеке ишкерликке жана айыл чарбанын өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттар жаралууда. Булар төмөндөгүлөр: арендага жер берүү, иш кагаздарын тапшырууга жардам берүү, азык-түлүк өндүрүүчүлөр менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү.

Агрардык сферада жана айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүдө жеке ишкерликти өнүктүрүү кызыгууну ойготууда. Ошондой эле фермердик базарларды ачуу аркылуу азык түлүк өндүрүү үчүн шарттар жаралууда.

·                    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кайсы кирешелерге таасир тийгизе алат?

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерини бири болуп өзүнүн иш аракеттерин эффективдүү аткаруу үчүн ар дайым бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп эсептелинет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкү категорияларга таасири бар:

-          Жерге, жайытга аренда төлөө.

-          Жергиликтүү салык.

-          Донордук уюмдардан, эл аралык долбоорлордон каражаттарды тартуу.

·                    Киреше чогултуу процессин кантип эффективдүү кылса болот?

Бюджеттин киреше жыйымдардын эффективдүүлүгүн көбөйтүү чаралары:

  1. Салык органдар менен ар тараптан кызматташуу.
  2. Кирешелерди топтоо системасын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо.
  3. Кирешелерди келишин эсептөө жана администрлаштыруу процессин жакшыртуу.
  4. Калктын арасында салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн өз убагында төлөөгө үгүттөө.
  5. Салыктык төлөөлөр жөнүндө калк арасында маалыматты жогорулатуу үчүн компанияларды уюштуруу.
  6. Айыл өкмөттүн базасындагы мүлктү арендага берүү ачык айкын жана экономикалык тараптан негизделген системаны киритүү.

 

Б. Чыгашалардын структурасы.

·                    тенденциялар (2 жыл: 2014, 2015, жана бюджеттин 2016-жылга долбоору).

Бюджеттин чыгаша бөлүгү ар кандай бөлүктөрдөн турат:

1.    Эмгек акы жана социалдык фондко төлөмдөр;

2.    Жол акы, байланыш кызматы, транспорттук кызматтар

3.    Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу

4.    Тамак аш азык түлүктөрүнүн сатып алуу

5.    Мүлктү оңдоого кеткен чыгаша;

6.    Керектелүүчү материалдарды сатыпалуу;

7.    Көмүр жана башка отундарды сатып алуу;

8.    Суу үчүн жана жылытууга кеткен төлөмдөр;

9.    Электроэнергия үчүн төлөм;

10. Калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча пособиялар;

11. Техника жана жабдуулар

12. Башка чыгашалар.

 

Чыгашаларды 2014-2015 жылдарга (факт) жана 2016 га план боюнча көргөзмөлүү төмөндөгүчө көрсөтсө болот. Өлчөө бирдиги: миң сом.

Ушул эле маалыматтарды чыгашалардын жалпы структурасынын ар бир статьясында көрсөтсө болот. Чыгашалар 3 жыл эсебинде суммардык көрүнүштө көрсөтүлгөн жана чыгашалардын жалпы структурасынын ар бир статьясынын салыштырмалуу салмагы эсептелинген.

Диаграмманы анализдөө көрсөткөндөй чыгашалардын эң көп статьялары болуп башка товарларды жана кызматтарды сатып алуулар, эмгек акысына жана мүлктү оңдоого кеткен чыгашалар болуп эсептелинет (жалпы бюджеттен 69% түзөт).

Ошондой эле жыйынтыкта бюджете жыл сайын чыгашалардын өсүүсү пландаштырылган. 2014 төн 2016 жылга чейин чыгашалар 15% өсөт.

·                    жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кайсы чыгашаларга таасир тийгизе алат?

Айыл өкмөтү өзүнүн иш аракеттеринин эффективдүү аткарууда анча көп эмес чыгашаларды кетирбей аткаруу принциптерине таянуусу зарыл. Сарпталган каражаттардын ар бир сомунан пайданы көбөйтүш керек.

Аткарылган чыгашалар тастыкталган смета боюнча негизделет. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгашалар сметасын аткарууга ынтылыш керек. Ар дайымкы статьяларга өзгөртүүгө жана таасир тийгизүүгө болбойт (мисалы, ишчилердин эмгек акысы). Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөрүүчү чыгашалар статьясына таасир этиши мүмкүн (электроэнергия, жылытуу энергиясы жана башкалар).

·                    Эмнесин жакшыртса болот жана кандайча?

Жакшыртуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттин чыгаша бөлүгүн түзүүдө жана аткарууда төмөндөгү факторлорго көңүл бурушу керек:

  1. Бюджеттин статьяларын сапаттуу пландаштыруу.
  2. Нормативдерди эсепке алуу менен чыгашаларды абдан так эсептөө (мисалы, 1 окучууга тамак аш, 1 мектепке жылытуу мезгилине көмүргө чыгаша)
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппаратынын иш аткаруусу, билим берүү обекттери жана социалдык инфраструктура менен байланышкан чыгашаларды оптимизациялаштыруу.
  4. Сатып – алуу процедура механизмдердин сактоо жана ачык-айкындуулук менен камсыз кылуу.
  5. Сапаттуу сырьелор, материалдар жана даяр азыктарды сатып алуу.
  6. Чыгашалардын эсебин так алып баруу, өз убагында отчетто көрсөтүп баруу.
  7. Сметаны сактоо, чыгаша статьясына өтө чоң өзгөрүүлөрдү киргизбөө.

В. Жалпы бюджеттик баланс:

·                    Дефицит болсо, ал кантип жабылат?

Бюджетти пландаштырууда жана аткарууда бюджеттин тартыштыгы пайда болу тобокели.

-          Бюджеттин тартыштыгынын жаралуусун себептерин анализдөө;

-          Кошумча эсептөөлөр жүргүзүп каражаттардын жетишсиздигин эсепке алып, кыскарта турган чыгашаларды анализдөө;

-          Айыл өкмөттүн бюджетин аныкталган мезгилге кайрадан карап чыгуу жана бюджеттик комиссия кээ бир чыгашаларды кыскартат жана бюджетке өзгөрүүлөрдү иштеп чыгат.

-          Жергиликтүү Кеңештин кезексиз сессиясы чакырылат жана бюджеттин өзгөрүүлөрүн тастыктайт.

 

·                    Профицит болсо–анын көлөмү канча? (чыгымдарды жапкан кийин)

Бюджеттин профицити да пайда болушу мүмкүн. Мында учурда бюджетке өзгөрүүлөр киритилет. Чыгаша бөлүкө учурдагы мезгилде каржылана турган иш чаралар кошулат. Ошентип бюджеттин профицит эсебинен кошумча иш чаралар жана айылдардын көйгөйлөрү каржыланат.

·                    Инвестицияларга которулган сумма(процент).

Мисалы үчүн, 2015-жылы 1 070 миң сом, 2016-жылы -  700 миң сом инвестициялык долбоорлорго акча ажыратылды.

Г. Карыз потенциалы.

·                    Бекер ресурстарга таянып муниципалитет канча акча карыз ала алат?

·                    Ар кандай карыз алуу сценарийлери (мисалдар)

Ар кандай кайтарылгыс булактардан келген каражаттарды тартуу политикасы жок.

Е. Бюджетти даярдоо процесси.

 

·                    Бюджетти даярдоо процесси кандай?

·                    Бюджетти даярдоо процесси жергиликтүү кенештин нормативдуу укук актылары менен бекитилгенби?

·                    Кандай инструменттер колдонулду? (бюджеттик угуулар, бюджеттин кыскача баяндамасы).

Аныкталган мезгилдин бюджеттин түзүү кирешелерди анализдөө жана потенциалык чыгашаларды анализдөөдөн башталат. Мындан сырткары жыл сайын КР Каржы Министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджеттин чыгаша планы түзүлөт.

Берилген маалыматтардын негизинде айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлер тарабынан үстүбүздөгү жылга бюджеттин планы түзүлөт.

Дал ушул бюджеттин планы коомдук угууларга алып чыгылат жана ар кандай катмарларда талкууланат (айыл өкмөт ишчилери, калк, жергиликтүү активисттер).

Бюджеттик угууларды жүргүзгөндөн кийин жергиликтүү кеңештин депутаттарынан (7 адам) турган бюджеттик комиссия бюджеттин финалдык планын даярдайт.

Андан соң, бюджеттин планы жергиликтүү кеңештин кезектүү сессиясында каралат. Керек болсо баштапкы планга өзгөрүүлөр жана толуктоолор киритилиши мүмкун. Бюджет жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан тастыкталат. Бул процесс жергиликтүү кеңеш тарабынан токтом болуп жазылат.

Жыйынтыгында, тастыкталган бюджет айыл өкмөт жашоочуларына тааныштырылат.

Ошентип, бюджеттештирүүдө ар кандай тараптар катышат жана ачык- айкындуулук болот.

 

6.   Менчик анализи (тиркеме 1).

С.Юсупова айыл өкмөтүнүн балансында турган менчиктер жөнүндө маалымат №1 тирекмеде көрсөтүлгөн.

 

7.   SWOT - Анализи.

Маалыматта  С Юсупова айыл аймагынын  күчтүү, алсыз, мүмкүнчүлүк жана коркунуч жактары каралып, анализдин жыйынтыгы менен өнүгүү планында алсыз жана коркунуч жактарын басандатуу, мүмкүнчүлүктөр менен күчтүү жактарын  колдонуу  жагына көңүл бурулган.

Жыйналган маалыматтар тезис түрүндө SWOT анализде жыйынтыкталды.

SWOTко кирген маалыматтар:

- муниципалитеттин профайлы;

- жергиликтүү бюджеттин анализи (киреше, чыгаша);

-муниципалдык активдердин анализи;

-тышкы чөйрөнун анализи;

-жарандарды сурамжылоонун жыйынтыктары (буклет аркылуу);

-өнүгүү планынын отчетунун жыйынтыгы;

-PRA жыйынтыктары.

 

Күчтүүжактары:

Алсыз жактары:

·       2016-жылдын 1-январына карата 4964 түтүндү түзүп, жалпы жашоочулардын саны 24 208 адамга жеткен.

·       2016 -жылы жалпы айыл чарба жери 8763га, анын ичинен айдоо аянтынын 2131 га, сугат жери 1754   га, кайрак 377 га, жайыт 6439 га. бак114 га, кайра бөлүштүрүүчү фонддунжери 548 га түзөт.

·       Айыл тургундары дыйканчылык жана мал чарбачылык менен өнүккөн, мал чарба менен 35 %, дыйкан чарба 43 %, соода –сатык 16 %, кызмат корсотуу 2%, башкалар 4%.

·       Айылдык Кенешинин курамы 31 депутаттан турат, депуттардын айылдык Кеңеши бекиткен 2013-2017 жылдар учун өнугуу Стратегиялык план менен бардык иш-чаралар, тарифтер менен айылдын тургундары иш жүргүзүшөт.

·       Эл 80 % таза суу менен камсыздалган

·       Мектептер, балдар бакчалары, спорттук майданчалар, ГСВ, ФАП, маданият үйү, китепкана  бар.

·       Айыл аймактын территориясында  2 базар, 6 банк, 10дон ашык мамлекеттик ишканалар,  кичи ишканалар, соода дукөндөру бар

·       2014-2015 жылдарда  айыл өкмөтүнүн бюджетинин 42 %  социалдык тармакка жумшалган.

·       Айыл аймагы жайгашган жер облустук борборго жана райондук борборго жакын жайгашкан.

·       Айыл аймагы территориясында жогорку билимдуу кадрлар, жеке ишкерлер көп.

·       Айыл аймагында бюджетти кабыл алуу ачык- айкындулук менен өткөрулөт.

·       Айыл аймагында сугат суусу жетишсиз: Нажган каналы,  Узи келди каналдарынын сапаты начар.  

·        Айыл чарбада техника, жер семиткичтер, урөндөр жана бул багытты тейлөөчу агроном адис жок.

·       Дыйканчылыкта жетиштирилген продукцияларды сатуу  кыйын.

·       Продукцияларды кайра иштетуучу муниципалдык кичи ишканалар жок.

·        Продукцияларды  сапатын текшешерүүчу  лабораториялар жок.

·        Социал багытта:  Навои жана С. Шарипов мектептеринде окуу класстар жетишсиз.

·        Теплица участкасында  мектеп жок.

·        Мектептерде инвентарлар жана окуу китептери жетишсиз.

·       Балдар учун дем алуу аянтчалары, жай мезгилинде лагерлер жок.

·        Айыл аймагындагы баардык мектептер капитал  ремонт талап кылууда.

·        Сутхор, Навруз, Бирлик жана Теплица участкасында балдар бакчалары жетишсиз

·        ГСВ да шарт начар болгондуктан   медициналык кызмат начар

·        Инфраструктура боюнча: Айыл аймагы райондук борбордо жайгашкандыгы учун көчөлөр пробка,  территорияда 1 көпурө бар, ички жолдордун сапаты начар.

 

Мүмкүнчүлүктөрү:

Коркунучтары:

·       Айыл чарбаны  өстүрүүгө  бардык ыңгайлуу шарттар бар

·        Продукцияларды сатууну жолго койууга шарт бар, түнкү базар ачылган.

·        Чет эл инвестициялары, мамлекеттик бюджет, айыл аймагы бюджети, элдин колдоосу менен мектеп, балдар бакчасы, жолдор, көпурөлөр куруу жана каналдарды ремонтоо мумкун

·       Таза суу менен  айыл аймагынын  100 % га камсыздоо мумкун.

·        Жетишсиздиктерди жергиликтүү бюджетти көтөруу менен чечуу мумкун. Ал үчун  бюджетти көтөруу керек, бардык  ишканалар, дыйкан чарбалар, жеке ишкерлер, элдер өз убагында салыкты  төлөөгө жетишуу керек.

·       Маданий үй, парк, спортту өнүктүрүү, балдардын эс алуусун уюштуруу   мумкун

·        Элдин демилгесин колдоо аркылуу кичи ишканаларды ачуу мумкун

 

·       Жердин унөмдүүлугу жана мал чарбасы  төмөндөп кеткендиги себептүү акыркы жылдарда   үй-бүлөлүк киреше  азайышына чоң таасирин тийгизүүдө

·       Айылдагы таштанды маселеси экологиялык курч абалга алып келүүсү мүмкүн.

·       Айыл аймактын климаты  өзгөрүүдө. Жай мезгилинде өтө ыссык, кыш суук болгондуктан дыйканчылыкка  терс таасирин тийгизиши мумкун

·       Билим берүү мекемелердин материалдык – техникалык абалдары жылдан жылга начарлап баруусу менен, билим берүү сапаты төмөндөп кетиши мүмүкүн

·       Айыл аймакта саналуу спорттун кружоктору иштейт, жаш өспүрүмдөрдүн бош убактылары толук камтылбагандыктан терс көрүнүштөргө баруусуна кепилдик жок

·        Айыл аймагында жумуштун жетишсиздигинен жаштардын айыл аймагынан  тышкары чыгып кетүүсү  көбөйдү. 

·       Каналдардын абалы начарлаган сайын сугат суу айдоо жерлерине жетпей калышы менен кайрак жерлерге айланып кетүү коркунучун туудурууда.

·       Жолдорду начарлыгы, көпүрө жоктугуна байланышту  кырсыктар көбөйүшү, конфликтердин келип чыгышы мүмкүн.

·        Диний –экстремизмдин кучөшү менен конфликттер келип чыгышы мүмкун

 

 

                                                                                  

 

 

 

 

 

8.   Иш-чаралар.

8.1.     Социалдык багыт.

Стратегиялык максат – 1.1

Билим беруу системасын жана маданият денгээлин жогорулатуу

Милдет

Иш- чара

Мөөнөтү

Болжолдуу наркы

Жооптуу

Жыйынтык

1.Мектеп ,балдар бакчалары, спорт залдары, маданият уйлөрү, китепкааналарды инвентарлар менен камсыздоо .

·   Мектеп ,балдар бакчалары,спорт залдары,маданият үйлөрү,китепканаларды инвентарга болгон муктаждыктарын аныктоо боюнча инвентаризациялоо жүргүзүү

·   Муктаждыктарга карата смета даярдоо

·   Инвентарларды сатып алуу жана орнотуу

2017,2018-жыл

Смета боюнча

С Юсупова айыл аймагынын мектеп, балдар бакчалары, китепкана, маданият үйлөрү, спорт залдар директорлору

Мектептерде 5000 ашык окуучу, балдар бакчасында  470 тарбиялануучу билим алууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт, алар китеп менен камсыз болот, спорт залдары, маданият уйлөрундө балдар жана элдер учун шарт болот

2.Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрилиги, чет эл инвестициялары, жергилуктүү бюджет ,жеке ишкерлер жана элдин колдосу менен  мектептер балдар бакчаларын курууга аракет көрүү

 

·   Теплица участкасында жаңы  мектеп куруу

·   Навои жана С. Шарипов орто мектебине кошумча класстар куруу

·   Х. Абдуллаев, Манас,  С Шарипов жана Нарбаев мектептерин капиталдык ремонтоо

·   Сутхор, Теплица, Навруз участкасында балдар бакчаларын куруу

·   Бирлик, Уч копурок. Октябрь, Пахта арал балдар бакчасына кошумча топ ачуу.

·   Сайдахматов атындагы маданият уйунун жана библиотекасын капиталдык ремонтоо

·  Каржылоо булагын табуу үчүн даярдалган проектик сметалык документтерди Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрилигине, Каржы министрлигине, чет элдик инвесторлорго жиберуу

2017 жылдан

Смета боюнча

С Юсупова  айыл аймагынын айыл өкмөтү, мектеп директорлору

Балдардын билим алуусу үчүн шарттар түзүлөт

Стратегиялык максат – 1.2

Саламаттык сактоо кызматынын денгээлин жогорулатуу

 ГСВга  кошумча кабинеттер куруу, Теплица  участкасына фельдшердик-акушердик пунктун ачуу,  ФАПтарды ремонтоо, аларды инвертарлар жана медициналык жабдуулары менен камсыздоо

 Ар турдуу орууларды алдын алуу (СПИД, ВИЧ, туберкулез)

·   ГСВ га кошумча имарат куруу.

·  Теплица участкасына ФАП куруу

·  ФАП тарды ремонтоо үчүн сметалык документрди даярдоо.

·  Каржы булактарын табуу

 

2017 жылдан баштап

Смета боюнча

Айыл аймагы кызматкерлеру, ГСВ,. ФАП башкаруучулору, айыл башчилар

Эл учун сапаттуу медициналык шарт түзүлөт

Стратегиялык максат  1.3.

/й –бүлөө, жаштар жана миграция маселелерин чечүү

Айыл аймагындагы жаш уй –булөөлөргө бактылуу жашоо үчүн шарт түзүү аркылуу жакырчылыкты жойуу

·         Жаш үй бүлөөлөргө там –жай учун жер берүү

·         Фонд жерлеринен жеңил шарттар менен арендага жер берүү

·         Кичи ишканалар ачуу аркылуу жаштарга иш орундарын ачуу аркылуу миграцияны азайтуу

·         /й -булөөлөрдө кирешелерден эффективдуу пайдаланууну үйрөтүү, түшүнтүрү иштерин алып баруу.

·         Аялдар,жаштар, аксакалдар уюмдары менен тыгыз байланышта болуу

2017 -2021 жылдар

Сметалар жана иш - пландар боюнча

Айыл өкмөтү, Депутаттар, активистер

Айыл башчылар

Элдердин жашоо денгели көтөрулөт.

Стратегиялык максат  1.4.

Экологиянын бузулушу менен курөшүү.

 С.Юсупова айыл аймагы территорясынын жашылдандыруу жана көркөмдөтуу, санитариялык абалын жакшыртуу

·   Ар жылы айыл аймагы территориясында көркөмдөтуу иштерин алып баруу

·   Көчөлөрду тазалоо, таштандыларды өз убагында алып чыгуу, көчөт, гүлдөр, бак –дарактарды өстүрүү үчүн элдерди көтөруу

2017-2021 жылдар

Иш –пландар боюнча

Айыл өкмөтү,депутаттар, айыл башчылар, активистер.

С. Юсупова айыл аймагы, көркөм, таза айыл болот, Элдин жакшы  жашоосу үчүн шарт түзүлөт

Стратегиялык максат  1.5.

Дин маселелери

С.Юсупова айыл аймагы элдеринин дин маданиятын көтөрүү

·   Эл арасында диний- экстремизмге каршы түшүнтүрүү иштерин алып баруу

·  Дин мекемелери иштерин көзөмөлдө

·   Дин лидерлери менен тыгыз байланышта болуу

2017-2021 жылдары

Иш пландар боюнча

Айыл өкмөү, депутаттар, айыл башчылар, жааматчылык, диний лидерлер

Ээлдердин диний экстремизге кирип кетүүсү алды алынат

 

10.      

11.      

12.      

13.      

14.      

15.      

16.      

17.      

8.2.     Экономика.

Стратегиялык максат – 2.1

Жарандардын үй –бүлөлүк кирешесин жогорулатуу боюнча

чакан ишканаларды уюштурууга көмөк көрсөтүү

Милдеттер

Иш чара

Мөөнөтү

Болжолдуу наркы

Жооптуу

Жыйынтык

Чакан ишканаларды ачууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы нормативдик -укуктук актыларды алууга ыңгайлуу шарттарды түзөт

·  Чакан ишканаларды же ишкерлерликти  ачуу боюнча жергииктүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан норматидик-укуктук актыларды мыйзамга ылайык алууга шарттарын түзүү

Жыл сайын

-

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (жергиликтүү Кеңеш, айыл өкмөт)

Тез жана ыңгайлуу шарттар түзүлүү менен жарандар ишкердүүлүктү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат (сүт, жүндү иштетүү, техникалык сервис, эмерек жана башка цехтерин ачуу)

Стратегиялык максат – 2.2

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга шартарды түзүү жана  сатууга шарт жаратуу

 Продукцияларды сапатын аныктоочу лаборатория  ачуу,жеке ишкерлерге кайра иштетуучу ишканалар ачууго комоктошуу. Сатуу учун шарт жаратуу

·   Лаборатория ачуу учун сметалык документарды даярдоо

·  Жеке ишкерлер менен  ишканалар ачуу үчүн сүйлөшүү жана аларга шартар түзүү

 Керектүү жабдыктар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү

·   Продукцияларды сатуу үчүн Тунку базардын ишинин жакшыртуу

2017-2021

Сметалык документар негизинде

С Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү,

Депутаттар ,жеке ишкерлер

Айыл аймагында 1 лабароториянын филиалы  ачылып, продукциялар жеринде текшерилип,  эт, сүт кайра иштетүү продукцияларга шарттар түзүлөт

Стратегиялык максат – 2.3

Ишкердикти колдоону маалымат алмашу аркылуу жүргүзүү

Ишкердикти ачууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү

·         Жарандардын окуу, маалымат алуу талаптарын, кызыктарын чогултуу

·         Чогулган кызыктардыктарга ылайык маалыматтарды даярдоо

·         Маалымат алмашууну уюштуруу

Чогулган сунуштарга ылайык

План боюнча

Аймакта жайгашкан коомдук бирикмелер, жеке ишкерлер, айыл өкмөтү.

Жарандарга  маалымат, тажрыйба алмашуу уюштурулуп жаңы жана иштеп келе жаткан ишкерлерге кеңейюсүүнө, жыңы ишкердик ачам дем күч берилет.

Стратегиялык максат – 2.4

Салыктардын топтолушун камсыздоо.

Элдердин салык толосун маданиятин которуу аркылуу айыл окмот бюджетинин которуу

·          Салыктарды өзгөрүп барышы боюнча малыматтарды дааядоо

·         Элдерге маалыматтарды берип баруу,  Салыктарды өз убагында топтолушуна жетишуу

2017-2021

План боюнча

Айыл өкмөтү, депутаттар, салык кызматкерлери, айыл башчылар, активисттер

Айыл өкмөт бюджетине которулар

8.3.     Айыл чарба.

Стратегиялык максат – 3.1

2131 айдоо жерлерине сугат сууну жеткизүү.

Милдеттер

Иш-чара

Мөөнөтү

Болжолдуу наркы

Жооптуу

Жыйынтык

1.    Айдоо жерлерине сугат сууну жеткизүү боюнча  __ км сугат каналдарын капиталдык ремонттон өткөрүү

 

·         Ар бир канал боюнча проектик-сметалык документтерди даярдоо,

·         Акча каражатын табуу,

·         Каналдарды капиталдык ремонттон өткөрүү

·         Ички арыктарды ремонтоо

2017-2021 жыл

Сметалык документар боюнча

С Юсупова  айыл аймагынын айыл өкмөтү, депутаттар,коомдук бирикмелер

 

Нажган суу, Узи келди каналдары ремонт болот  Ички арыктар тазаланат

2.    Насостук станцияларды ремонттоо жана куруу

 

·         Насостук станцияларды ремонттон өткөрүү жана жаңыртуу боюнча проектик-сметалык документтерди даярдоо,

·         Акча каражат булагын табуу

·         Ремонттон өткөрүү жаңыртуу

2017-2021-жыл

Сметалык документар боюнча

С. Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү, депутаттар , АВП , коомдук бирикмелер

 

2   насостук станция жыңыланып , 200 га жер сугат суу менен камсыз болот.

Стратегиялык максат – 3.2

Дыйканчылыкты өнуктүрүү

1.    Органикалык жер семирктичтерди жана сапаттууүрөндөрдү  пайдаланууну киргизүү жана жайылтуу

 

 

 

 

 

 

 

·         Органикалык жер семирткичтерди жана үрөндөрдү  колдонуу боюнча атайын көргөзмө аянтчалар уюштуруу

·         Көргөзмө аянчалардын жыйынтыгы менен жарандарга органикалык жер семирткичтер жана сапатту үрөндөр тууралуу маалымат такчалар аркылуу жайылтуу

2017-2021 -жыл

План боюнча

С Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү

Органикалык жер семирткичтерди колдонуу менен жердин асылдуулугу жогорулайт

 

2.    Элге жерди айдоо эрежелери боюнча туура, так маалыматтарды өз учурунда берип туруу

Айдоо эрежелер тууралуу маалымат такчалар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Жыл сайын

 

С Юсупова  айыл аймагынын айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн алдындагы маалымат такталарга  агротехникалык эрежелерди  сактоо,  жерлерди которуштуруп айдоо боюнча маалыматтар  өз убагында жетип турат.

Стратегиялык максат – 3.3

Дыйкан чарбалардын ишмердүүлүгүн арттырууга көмөк көрсөтүү жана техника менен камсыздоо

Дыйкан чарбаларды интеграциялоо

 

·      Дыйкан чарбалардын ишмердүүлүгүнө жараша “Кооперативдерди” түзүүгө үндөө

2017- 2021жыл

 

Дыйкан чарбалар

/лгү катары 5 кооператив уюштурулат,  дыйкан чарбалардын  кызыкчылыктарын арттыруу мүмүкүнүчүлүк алат

Айыл чарба техникаларын натыйжалуу пайдалануу

·  Дыкан чарбалардагы техникаларды бириктирүү менен  техникалык сервистерди уюштуруу

·  Лизинг аркылуу жаңы техникаларды алууга аракет кылуу

2017-2021 жыл

Смета боюнча

С. Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү, дыйкан чарбалар,депутаттар

Айылдагы айыл чарба техникалары бар фермерлер менен сүйлөшүү жолу менен 2 техникалык сервис уюштурулуп айылдыктар сапаттуу кызматтарды алышат.

Стратегиялык максат 3.4

Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу шарттарын түзүү

Элдер арасында табигый кырсыктардын алдын алууга даярдоо.

·      Элдер арасында иклим өзгөруп барышын тушундүрүп баруу

·       Элдердин табигый кырсыктардын алдыны алуу учун сай, арыктардын тазалосун уюштуруу

·       Аба –ырайынын өзгөруп барышына дыйканчылыкты адаптация кылуу: парниктер, теплицалар курууга көмөктөшүү

2017-2021 жылдары

Смета боюнча

Айыл окмот, депутаттар, дыйкан чарбалар, айыл башчылар

Элдер табигый  кырсыктан сактанат

Стратегиялык максат – 3.5

Мал чарбаны өнүктүрүү жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу

Мал чарбаны онуктуруу,Жайыт комитетинин ишин жогорулатуу

Малдын санын так тактоо менен жайыттарга туура бөлүштүрү

Жыл сайын

-

Жайыт комитети

Малды идентификациялоо. Жайыттарды сыйымдуулугуна жараша колдонуу.

Ар бир жайыттын аянтын эсептөө менен, чек араларын тактоо

2017-жылга чейин

-

Жайыт комитети

Аянттар такталат, кошуна айыл аймактар менен чыр чатактар азаят

Алыскы жайыттардын жолдорун, көпүрөлөрүн оңдоо

Жыл сайын

Смета боюнча

Жайыт комитети

Жайыт жерлерге баруучу  жолдору оңдолот.

Деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү жана алдын - ала иштерди жүргүзүү

Жыл сайын

-

Жайыт комитети

Жайыттар  туура пайдаланылып абалы жакшырат.

Жасалма уруктандыруу пунктнын ачуу жана  жайылтуу

 С Юсупова айыл аймагындагы жасалма уруктандыруу пунктунун  ачуу жана анын ишин маалымат такталар аркылуу маалымат берүү менен жайылтуу

2016-2017

Смета боюнча

 С Юсупова  айыл аймагынын айыл өкмөтү, айылдагы ветеринардык догдурлар

Асыл тукум малдар көбөюп, наркы жогорулоо менен үй бүлөлүк киреше жогорулайт.

 

Ветеринардык догдурларды заманбап жабдуулар менен  камсыз кылуу

 

 

 С Юсупова  айыл аймагынын айыл өкмөтү, айылдагы ветеринардык догдурлар

Жарандарга сапатту ветеринардык кызмат көрсөтүлүп, малдын жугуштуу оорулары азаю менен айылдыктардын ден соолугу кам көрүлөт

8.4.               Инфраструктура.

Стратегиялык максат – 4.1

Таза суу менен камсыз кылуу

Милдеттер

Иш-чара

Мөөнөтү

Болжолдуу наркы

Жооптуу

Жыйынтык

Жарандарды толук таза суу менен камсыз кылуу жана жеткизүү

 

·         Таза суу көгөйлөрүн аныктоо

·         Көйгөйлөр боюнча иш чара түзүү

·          Кожолуктарга водомерлерди орнотуу

·          Таза суу акы учун белгиленген тариф боюча  акчаларды толугу менен толоого жетишуу

2017-2021-жыл

Смета боюнча

С. Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү

Жалпы айыл тургундары таза суу менен камсыз болушат.

Стратегиялык максат – 4.2

Ички жолдорду калыбына келитирүү

Милдеттер

Иш-чара

Мөөнөтү

Болжолдуу наркы

Жоопту

Жыйынтык

 

 С. Юсупова айыл аймагында 10 км  ички жолдорду  асфальтоо жана  ремонтоо менен тротуарлар куруу менен элдерге сапаттуу тейлөө корсотуу

·         Ички жолдордун абалына  мониторинг жүргүзүү

·         Мониторингдин жыйынтыгы менен ар бир көчөнүн абалына баа берүү

·         Көчөлөрдүн абалына карата оңдоп түздөө боюнча график  түзүү

·         Акча каражат булагын аныктоо

Жыл сайын

Смета боюнча

С. Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү

Каражат бөлүнүп жолдор жыл сайын, муктаждыктарга карата кеминде бир жылда  2 км жол асфальт,5 км  жол ремонт болуп турат.  5 жыл ичинде ар бир кочодо тротуар курулат

Стратегиялык максат 4.3

Социалдык обектерди куруу

 Элдердин жашоо шартын жакшыртуу учун

айылдарда социалдык обөектерди куруу

·          Соода дүкөндөрү: магазин, эт, навай каналар куруу

·         Чачтарач каналарын куруу

·         Мончо куруу

·         Аялдамалар куруу

·         Интернет точкаларын ачуу

·         Бычуу–тигүү  ишканаларын куруу учун элдерге шарт тузуу

2017-2021

План боюнча

С Юсупова айыл окмоту,айыл башчылар,активисттер депутаттар

Элдердерге тейлоо кызматы жакшыланат

Стратегиялык максат 4.4

Энергетика обөекттерин куруу

  Элдердин электр энергия менен кмсыздоо

·         Жаны  чектерге электр линияларын тартуу

·         Трансфарматорлор орнотуу

·          Зым жыгачтарды алмаштыруу

·         Көчөлөргө тунку чырактарды орнотуу

2017-2021

План боюнча

С Юсупова айыл өкмөту, айыл башчылар,активисттер депутаттар

Элдерди тейлөө кызматы жакшыланат

8.5.     Кадрлар менен иштөө

Стратегиялык максат –5.1

Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу

Милдеттер

Иш-чара

Мөөнөтү

Болжолдуу наркы

Жооптуу

Жыйынтык

Жарандарга жеткиликтүү маалымат алмашууну камсыз кылуу

Жарандар менен маалымат алмашууну жакшыртуу, көйгөйлөр боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү колдону

Жыл сайын

-

Жергиликтүү өз алдынча органы (айылдык Кенеш, айыл өкмөтү)

Бийлик менен коомдун ортосундагы байланыш күчөтүлөт, жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу укугу ишке ашырылат.

Айыл аймака инвестиция тартуу боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүү

·         Өнүгүү планына жана кошумча пландарга ылайык долбоорлорду даярдоо,

·         Потенциалдык инвесторлого сунуштоо

Жыл сайын жаңыланып турат

-

Жергиликтүү өз алдынча органы (айылдык Кенеш, айыл өкмөтү)

Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары айыл аймакты өнүктүрүү боюнча атайын долбоорлор иштелип чыгат

 

9.   Мониторинг.

С. Юсупова айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планын аткарылуусу, туура жүрүшү боюнча мониторинг жана сын сунуштарды, конструктивдик  чечүү ыкмаларын  берүү менен  өнүгүү пландын аткарылуусун камсыз кылууга шарттар түзүлөт.

Мындай иш чараны айыл аймагынын айыл өкмөтү, жергиликтүү Кенештин депутаттары жана коомчулук жүргүзүшү керек. Акча каражатты табуу менен тышкы экспертерди тартуу, стратегиялык өнүгүү пландын баалоосун так кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

 

 

1 жарым жылдык

2 жарым жылдык

Жылдын жыйынтыгы

Жылдын жыйынтыгы

Ар жылдын январь-февраль айында

 

Мониторинг

 

Айыл өкмөтүнүн коллегиясында каралат

Айыл өкмөтүнүн коллегиясында каралат

Жарандарга Айыл өкмөтүнүн башчысы  жылдык отчет берет

Айылдык Кеңештин депутаттары жылдын жыйынтыгын карайт

Стратегиялык өнүгүү планына кошумчаларды киргизүү

 

 

Соңку сөз.

Урматтуу окурман, Сиз  С. Юсупова айыл аймагынын 2017-2021  жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы менен таанышып чыктыңыз.  Дагы ар жылдын башында планга кошумчаларды киргизүү мүмкүн.

Айыл аймактын келечектеги Элесине жетүү үчүн даярдалганбардыккыска, ортожанаузакмөөнөттөгүдолбоорлорду аткаруугаболгонресурстардыпайдаланып, мүмкүнболгонинвестициялардытартабыз.

 С. Юсупова айыл аймагынын 2017-2021 жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу менен С. Юсупова айыл аймагынын жашоочуларынын жашоо шарты жакшырат деп ишенебиз.

 

Урматтоо менен,

 

Жумушчу топ.