Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майындагы №28-2
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы патент менен иш жүргүзүүчү субьектилердин патентин жана андан түшүүчү каражатты толук жергиликтүү бюджеттин эсебине түшүүсүн камсыз кылуу жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы патент менен жүргүзүүчү субьектилердин патентин жана андан түшүүчү каражатты толук жергиликтүү бюджеттин эсебине түшүүсүн камсыз кылуу жөнүндө Райондук салык бөлүмүнүн адиси Бабарахимов Мнын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеёешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы патент менен иш жүргүзүүчү субьектилердин патентин жана андан түшүүчү каражаттарды толук жергиликтүү бюджеттин эсебине түшүүсүн камсыз кылуу жөнүндөгү Бабарахимов Мнын билдирүүсү эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Базарбаев жетектеген финансы-экономикалык бөлүмү жана айыл өкмөтүнүн салык инспекторлоруна кошумча патент аркылуу түшө турган төлөмдөр изилдеп чыгылсын.
3. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн салык инспекторлору жана айыл башчыларына өздөрүнө бекитилген айылдардагы айыл чарба техникаларыны, таксилерди жана комерциялык дүкөндөрдү тактап, патент алуусун камсыздасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын айылдык Кеңештин бюджет туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |