Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майындагы №28-4
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында калктын ден-соолугун чыңдоо багытында үй-бүлөөлүк дарыгерлер тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштери жана мамлекеттик “Туберкулез”, энелик жана балалыкты коргоо программасынын аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Эргашова Мнын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын ден-соолугун чыёдоо, мамлекеттик “Туберкулез”, энелик жана балалыкты коргоо программасынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Эргашова Мнын маалыматы эске алынсын жана бул багытта аткарылып жаткан иштерде кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Эргашова М жеке жоопкерчилигин сезүү менен мындан ары айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, көчө комитеттери менен биргеликте калк арасында туберкулез оорусун, энелик жана балалык ооруларын алдын алуу боюнча профилактикалык текшерүүлөрдү жана майнаптуу санитардык-агартуу иштерин жүргүзүүнү колго алсын.
3. С. Юсупова айыл өкмөтү КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте туберкулез оорусу менен ооругандарга өзүнүн бюджетинен стационардык дарыланууга, дары дармек сатып алууга ажыратылган каражатты өз убагында берилишин камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси М. Эргашовага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |