Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майындагы №28-7
Араван айылынын Матисаев көчөсүнүн №10-үйүнүн тургуну Таджибаев Хамидилла Машраповичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик административдик имарат багытындагы 153м2 жер тилкесинин курулуштук багытын, контейнердик агродүкөн багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызы
Араван айылынын Матисаев көчөсүнүн №10-үйүнүн тургуну Таджибаев Хамидилла Машраповичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик административдик имарат багытындагы 153 м2 жер тилкесинин курулуштук багытын, контейнердик агродүкөн багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Матисаев көчөсүнүн №10-үйүнүн тургуну Таджибаев Хамидилла Машраповичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик административдик имарат багытындагы 153 м2 жер тилкесинин курулуштук багытын, контейнердик агродүкөн багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Таджибаев Хамидилла Машраповичтин Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик административдик имарат багытындагы 153 м2 жер тилкесинин курулуштук багытын, контейнердик агродүкөн багытына өзгөртүү маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда уруксат берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |