Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майындагы №28-9
Араван айылынын Артыкхужаев көчөсүнүн №50-үйүнүн тургуну Таваккилов Мухаммаднадирхон Юлдашхожаевичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик 600 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн, 300 м2 жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүүгө, менчик үйү менен чектеш болгон “Мархамат-Сай”га көпүрөө жана сайдын жээгиндеги жер аянтын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн мөөнөттүү пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук сурап жазган арызы
Араван айылынын Артыкхужаев көчөсүнүн №50-үйүнүн тургуну Таваккилов Мухаммаднадирхон Юлдашхожаевичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик 600 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн, 300 м2 жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү, унаа тейлөөчү кичи цех курууга, менчик үйү менен чектеш болгон “Мархамат-Сай”га көпүрөө жана сайдын жээгиндеги жер аянтын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн мөөнөттүү пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2008-жылдагы №252 сандуу токтомун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Артыкхужаев көчөсүнүн №50-үйүнүн тургуну Таваккилов Мухаммаднадирхон Юлдашхожаевичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик 600 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн, 300 м2 жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү, унаа тейлөөчү кичи цех курууга, менчик үйү менен чектеш болгон “Мархамат-Сай”га көпүрөө жана сайдын жээгиндеги жер аянтын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн мөөнөттүү пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Таваккилов Мухаммаднадирхон Юлдашхожаевичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндөгү жеке менчик 600 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн, 300 м2 жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү, унаа тейлөөчү кичи цех курууга, менчик үйү менен чектеш болгон “Мархамат-Сай”га көпүрөө жана сайдын жээгиндеги жер аянтын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн мөөнөттүү пайдаланууга ижарага берүү маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда уруксат берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |