Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майындагы №28-11
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүнүн №21-үйүнүн тургуну Хажиматов Умиджондын арызы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүнүн №21-үйүнүн тургуну Хажиматов Умиджондын Араван айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1085,0 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн ичинен 500 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп соода дүкөнү жана коомдук тамактануучу ашкана (кафе) курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүнүн №21-үйүнүн тургуну Хажиматов Умиджондын Араван айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1085,0 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн ичинен 500 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп соода дүкөнү жана коомдук тамактануучу ашкана (кафе) курууга макулдук берилсин.
2. Хажиматов Умиджондын жеке жеке менчик 1085,0 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн ичинен 500 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп соода дүкөнү жана коомдук тамактануучу ашкана (кафе) куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |