Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майындагы №28-12
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Бобур көчөсүнүн №92-үйүнүн тургуну Рахимов Нурматтын арызы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Бобур көчөсүнүн №92-үйүнүн тургуну Рахимов Нурматтын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 200,0 м2 жер аянтындагы вулканизация багытындагы жер аянтына кошумча соода дүкөнү курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Бобур көчөсүнүн №92-үйүнүн тургуну Рахимов Нурматтын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 200,0 м2 жер аянтындагы вулканизация багытындагы жер аянтына кошумча соода дүкөнү курууга макулдук берилсин.
2. Араван айылынын Бобур көчөсүнүн №92-үйүнүн тургуну Рахимов Нурматтын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 200,0 м2 жер аянтындагы вулканизация багытындагы жер аянтына кошумча соода дүкөнү куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда кошумча курулуш куруу жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |