Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майындагы №28-15
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаев азыркы күндө Араван районун кесип өтүүчү «Араван Сай»дын үстүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен алтернативдик көпүрөө курулуп жаткандыгына байланыштуу, көпүрөө курулуп жаткан жер аянттагы даракттар курулуш иштерине тоскоолдук кылып жаткандыгына байланыштуу, даракттарды кыюуга макулдук берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Араван Сай»дын үстүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен алтернативдик көпүрөө курулуп жаткандыгына байланыштуу, көпүрөөнү курулуш иштерине тоскоолдук жараткан даракттарды кыюуга макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтү даракттарды кыюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы менен макулдашууга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннапов |