Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майындагы №28-16
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Толубаев Исматила Макситовичтин арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Толубаев Исматила Макситовичтин Октябрь айылындагы мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон 1,70 га ижара жерин көп жылдардан бери мөөнөттү пайдаланууга алып, өзүнүн каражатынын эсебинен бак тигип, ушул күнгө чейин түшүм албастан, пайда таппагандыгын, мөөнөттүү пайдалануусунда болгон жер аянтын 15 жылдык мөөнөткө узартып берүү жөнүндө жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон документтерди үйрөнүп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургуну Толубаев Исматила Макситовичтин мөөнөттүү пайдалануусунда болгон Октябрь айылындагы мамлекеттик фонд жерлерине таандык 1,70 га жер участогун пайдалануу мөөнөтү 15 (он беш) жылга узартууга макулдук берилсин.
2. Толубаев Исматила Макситовичтин мөөнөттүү пайдалануусунда болгон Октябрь айылындагы мамлекеттик фонд жерлерине таандык 1,70 га жер участогун пайдалануу мөөнөтү 15 (он беш) жылга узартуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жерди пайдалануу мөөнөтүн узартуу сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |