Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майындагы №28-17
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Сидиков көчөсүнүн №39-үйүнүн тургуну Мамаджанов Махаматсултан Тургуновичтин арызы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Сидиков көчөсүнүн №39-үйүнүн тургуну Мамаджанов Махаматсултан Тургуновичтин Кызыл-Төбө айылында жайгашкан жеке менчик 500,0 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн бир бөлүгүн курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү жана унаа жуучу кичи цех курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Сидиков көчөсүнүн №39-үйүнүн тургуну Мамаджанов Махаматсултан Тургуновичтин Кызыл-Төбө айылында жайгашкан жеке менчик 500,0 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн бир бөлүгүн курулуштук багытын өзгөртүп соода дүкөнү жана унаа жуучу кичи цех курууга макулдук берилсин.
2. Мамаджанов Махаматсултан Тургуновичтин Кызыл-Төбө айылында жайгашкан жеке менчик 500,0 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн бир бөлүгүн курулуштук багытын өзгөртүп соода дүкөнү жана унаа жуучу кичи цех куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннапов |