Редакцияот 13.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын III сессиясы

 

2017-жылдын 13-февралы № 3/1

 

2009-жылдын 20-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык-экономикалык божомолу жөнүндө” № 61 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде 2015-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2016-жылга аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылга  болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө

 2016-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2016-жылга аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландары боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси ,экономист-статист Т.Термечиковдун  билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2016-жылга аткарылышы канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн  2017-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын планы кабыл алынсын.

3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнун орто аралыктагы 2018-2019-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясынын аткарылышы жөнүндө ,пландагы көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча ,зарыл болгон уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү жагы , Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысына ,менчигинин түрүнө карабастан айыл өкмөтүнүн аймагындагы  бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Үч-Төбө  айыл өкмөтүнүн башчысы Токтомамат уулу Нурмухамедге тапшырылсын.

 

Үч-Төбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Э. Өмүрзаков