Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 6
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылын таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Босого айылынын айыл башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында 3,5 км аралыкка суу түтүкчөлөрүн тартуу үчүн уруксат берилсин.
2. Таза суу чыгаруу үчүн тиешелүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу З.Молдоташовго жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу З.Молдоташовго жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Р. Куламшаев
|