Редакцияот 29.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын V сессиясы

 

2017-жылдын 29-майы № 7

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2018-2019-2020 жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

Үч-Төбө  айыл  өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Арыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Төбө  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 10250,3 миң сом акча каражатты түзгөн бюджеттин долбоору   бекитилсин.  Анын ичинен  теңдөөчү грант 8218,3 миң сомго жана жергиликтүү жыйымдар 2032,0 миң  сомго бекитилсин.

2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга киреше жана чыгаша  бөлүгү 11468,4 миң сомго жана 2020-жылга киреше жана  чыгаша  бөлүгү 11490,3 миң  сомду түзгөн  бюджеттин долбоору бекитилсин.

3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн  долбоору 2018-жылга 291,0 миң  сомго  2019-жылга 291,0  миң  сом,2020-жылга 291,0  миң  сомго  бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына  жана  айыл өкмөтүнүн  башчысы Токтомамат уулу Нурмухамедге милдеттендирилсин.

 

Үч-Төбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Р. Куламшаев