Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 45
Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №33 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна жана Баткен шаардык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча турктуу комиссиясынын 2016-жылдын 11-августагы протоколунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин төмөнкүдөй кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин:
2. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин III кварталынын 3111 «Имараттар жана курулуштар» статьясынан 104,0 мин сом кыскартылып, Баткен шаар мэриясынын III кварталына 2222 «учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» статьясына 104,0 мин сом кошулуп берилсин.
3. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин III кварталынын 3111 «Имараттар жана курулуштар» статьясынан 970900 сом кыскартылып, Кызыл-Жол аймактык башкармалыгына жаңыдан ачылуучу 100 орундуу балдар бакчасына эмеректерди сатып алуу үчүн муниципалдык менчик департаментинин III кварталынын 3112 «Машиналар жана жабдуулар» статьясына 970900 сом бөлүнүп берилсин.
4. Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин III кварталынын 3111 «Имараттар жана курулуштар» статьясынан 80,0 мин сом кыскартылып, Баткен шаар мэриясынын алдындагы «Таза суу» муниципалдык ишканасынын III кварталына 3112 «Машиналар жана жабдуулар» статьясына 80 мин сом, А.Жайнаков жана А.Масалиев көчөлөрүнө шланга коюуу үчүн кошулуп берилсин.
5. Ыссык-Кол жергесинде өтүүчү II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюунуна катышуу үчүн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин III кварталынын 3111 «Имараттар жана курулуштар» статьясынан 400,0 мин сом кыскартылып, шаардык маданият бөлүмүнүн III кварталынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясына 350,0 мин сом, 2211 «иш сапары чыгымдар» статьясына 10,0 мин сом, Баткен шаар мэриясынын 2211 «Иш сапары чыгымдар» статьясына 40,0 мин сом кошулуп берилсин.
6. «Баткен-Тазалык» муниципалдык ишканасына көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери үчүн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин III кварталынын 3111 «Имараттар жана курулуштар» статьясынан 500,0 мин сом кыскартылып, муниципалдык менчик департаментинин III кварталына 2222 «учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу» статьясына 500,0 мин сом кошулуп берилсин.
7. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2016-жылга каралган 3111 «Имараттар жана курулуштар» статьясынан IIIкварталынын планы 720,0 мин сомго кыскартылып, 2215 «дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» статьясынын IIIкварталынын планы 500,0 мин сомго, 2221 «мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» статьясынын IIIкварталынын планы 200,0 мин сомго, 2222 «учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» статьясынын IV кварталынын планы 20,0 мин сомго кыскартылып,III кварталынын планы 20,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
8. Баткен шаардык «Өрүкзар» коомдук-саясый газетасынын атайын эсебине 3-кварталына планы ашыкча түшүрүлгөн 17778 сом акча каражаты менен киреше жана чыгаша бөлүгү төмөнкү статьяларга көбөйтүлүп берилсин:
- 2016-жылдын IIIкварталынын 2111 «маяна» статьясына 11900 сом, 2121 «социалдык фондго төгүмдөр» статьясына 2768 сом, 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» статьтясына 3110 сом чегерилип берилсин.
9. Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2016-жылдын IIIкварталынын 2212 «Байланыш кызматын көрсөтүү» статьясына карлаган 33000 сом каражаты, IIIкварталынын 2214 «транспорттук кызмат көрсөтүүлөр» статясына 33000 сом жылдырылып берилсин.
10. Муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын IIIкварталынын 3111 «Имараттар жана курулуштар» статьясынан 100,0 мин сом кыскартылып, Баткен согушунун ардагерлерине арналган эстелик үчүн IIIкварталынын 3110 статьясына 100,0 мин сом кошулуп берилсин
11. «2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата «Эгиз-Кара» коругун айланасын тосуу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2000000 сом акча каражаты Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин атайын каражаттар 2016-жылдын киреше жагы 2000000 сомго, чыгаша жагы 2000000 сомго көбөйтүлүп берилсин.
12.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылга каралган сметасынын 3111 «Имараттар жана курулуштар» статьясынынын 62,0 мин сом кыскартылып, 2214 «транспорт чыгымдары» статьясына 62,0мин сом кошулуп берилсин.
13. Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жыл үчүн пландалган 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынан 40,0 мин сом кыскартылып, Баткен облустук прокуратурасынын имаратын ондоп түзөө үчүн 40,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
14. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынан 40,0 мин сом кыскартылып, муниципалдык менчик департаментинин 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар статьясына административдик имараттын №21 кабинетине жаңыдан терезе жана кресло коюуу үчүн бөлүнүп берилсин.
15.Муниципалдык менчик департаментинин 2016-жыл үчүн пландалган 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынан 30,0 мин сом кыскартылып, 2232 «электр энергиясына акы» статьясына 30,0 мин сом кошулуп берилсин
16. Баткен шаар мэриясынын лдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынын 2016-жыл үчүчн планынан 6,0 мин сом кыскартылып. Шаар мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин 2232 «Электр энергиясына акы» статьясына 6,0 мин сом кошулуп берилсин.
17. Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 31111 «Имараттар жана курулуштар» статьясынан 50,0 мин сом кыкартылып, шаардык маданият бөлүмүнүн 2215 «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» статьясына даталуу майрамдарды өткөрүү максатында 50,0 мин сом кошулуп берилсин.
18. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Рахматов
|