Редакцияот 19.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кенешинин V чакырылышынын XXIII-сессиясы

 

2016-жылдын 19-августу № 49

Баткен шаар мэриясына статист  кызматкери штат бирдигин кармоогомакулдук берүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №33 Мыйзамынын 31-беренесинин  13-пункутуна,кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.А.Абулгазыевтин 2016-жылдын 12-июлундагы протоколун аткаруу максатындагы Баткен райондук статистикалык комитети менен Баткен шаар мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык  жана Баткен шаардык кеңешинин  финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 11-августундагы  протоколунун  негизинде  Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаар мэриясына республикалык бюджеттен каржылануу менен статист  кызматкерин кармоого макулдук берилсин.

2. Статист кызматкер үчүн керектүү болгон материалдык техникалык базасын камсыздоо жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.

 

Балыкчы шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э.Рахматов