Редакцияот 19.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кенешинин V чакырылышынын XXIII-сессиясы

 

2016-жылдын 19-августу № 50

Баткен шаарында ичүүчү таза суунун жана булганыч сууларга болгон төлөм акысын 30% көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №33 Мыйзамынын 14-пункутуна жана  Баткен шаарынын таза суу жана булганыч суулар тармактарын оңдоп-түзөө боюнча европа жаңылап өзгөртүү өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылуучу долбоорунун башталганына байланыштуу, аталган банктын шартына ылайык Баткен шаарында ичүүчү таза суунун жана булганыч суулардын төлөм акыларын көтөрүү максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарында ичүүчү таза суунун жана булганыч суулардын төлөм акылары 30% көтөрүлүүгө макулдук берилсин.

2. Шаар калкына  ичүүчү таза суунун жана  булганыч суунун төлөм акысы көтөрүлгөндүгү шаардык «Өрүкзар» коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.

3. Ушул тоткомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.

 

Балыкчы шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э.Рахматов