Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 53
Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндөгү «Ооган» согушунун ардагерлерине арналган эстеликти күн чыгыш тарапка бууруу менен реаблитациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №33 Мыйзамынын 18-беренесинин 13-пункутуна, 31-беренесинин 5-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 10-августагы №01-22/492 катына ылайык Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндөгү «Ооган» согушунун ардагерлерине арналган эстеликти күн чыгыш тарапка буруу менен реаблитациялоого макулдук берилсин.
2. Шаар калкына М.Салихов көчөсүндөгү Ооган согушунун ардагерлерине арналган эстелик реконструкцияланып жаткандыгы шаардык “Өрүкзар” газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Рахматов
|