Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 54
Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү «Өчпөс от» эстелигинин түштүк тарабына Баткен согушунун ардагерлерине арналган эстеликти орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №33 Мыйзамынын 18-беренесинин 13-пункутуна, 31-беренесинин 5-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 10-августагы №01-22/492 катына ылайык Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына арналган “Өчпөс от” эстелигинин түштүк тарабына Баткен согушунун ардагерлерине арналган эстеликти орнотууга макулдук берилсин.
2. Шаар калкына Баткен согушунун ардагерлерине арналган эстелик орнотулаары шаардык “Өрүкзар” газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Рахматов
|