Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 55
«Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долбоорун ишке ашырууда инвестицияларды жана техникалык жабдууларды күрөөгө коюууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №33 Мыйзамынын 5; 14-беренсине жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-июлдагы «Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик жана Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» 106 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июнундагы №247-б буйругуна ылайык «Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долборун ишке ашыруу максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реаблитациялоо» долбоорун ишке ашырууда максатында кредиттик мүнөздөгү алынган каражаттар үчүн ЕРӨБ тарабынан каржыланган инвестициялар жана техникалык жабдуулар күрөөгө коюлууга маакулдук берилсин.
2. Тийиштүү юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /Г.Матказыев/ милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Рахматов
|