Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 59
Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын элдеринин көп жылдык бак эсебиндеги үлүш жерлерин макулдуктарынын негизинде №825 контурдагы Баткен шаар мэриясынын мамлекеттик фондун эсебиндеги айдоо жер аянтына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №33 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;5- пункуттарына Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-главасынын 68-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылдын 18-августундагы №1-10/491каты менен Кызыл-Жол кварталынын элинин үлүш багын өзүлөрүнүн макулдуктары менен алмаштыруу жөнүндөгү ММД билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 7,5га элдердин көп жылдык бак эсебиндеги үлүш аянттына үлүш жер ээлеринин макулдуктарынын негизиндеБаткен шаар мэриясынын мамлекеттик фондунун эсебиндеги “Тегирмен-Башы” асыл тукум эчки чарбасы убактылуу пайдаланган №825 контурундагы 7,5 га сугат айдоо жер аянтына алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Жер аянттарын алмаштыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүү менен юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /Г.Матказыев/ тапшырылсын.
3. Шаар калкына шаардык “ Өрүкзар” газетасы аркылуу жеткирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Рахматов
|