Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 63
Баткен шаарынын аймагынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин автомобиль жолдорун куруучуларына карьер ачууга жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» №33 Мыйзамынын 31-беренесине, Баткен шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-августундагы «Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорун куруу, реаблитациялоо жана реконструкциялоонун инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-майындагы №374-токтомунун, Кытай Эл Республикасынын жол, көпүрөө куруучу «Синьцзян-Бейсин ЛТД» корпорациясынын инженер-экологу XRBC А.К.Өсөровдун Ош-Исфана авто жолунун «Баткен-Кызыл-Бел» участкасынын 235+100 км карьер ачууга жана таш майдалоочу орнотмо курууга жер бөлүп берүүгө берген» №03-4/1262 катынын негизинде жана Баткен шаарынын 1-вице мэри М.Султановдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып , Баткен шаар мэриясынын сунушунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-баткен-Исфана автожолунун “Баткен-Төрт-Гүл” участкасынын жана “Баткен-Кызыл-Бел” авто жол участкасынын жол курулуш иштери Кытай Эл Республикасынын “Синьцзян-Бейсин ЛТД» корпорациясынын инженер-экологу XRBC А.К.Өсөровдун КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 24-мартындагы №14-9/2294 ишеним катынын негизинде Кызыл-Жол кварталынын Ош-Баткен-Исфана авто жолунун 235+100 км чоң жолдун түндүк тарабынан 1,5 га жер аянтынан кум шагал алуу үчүн 2016-жылдын мартынан 2018-жылдын декабрына чейин убактылуу бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Карьер ачууга жана таш майдалоочу орнотмо курууга убактылуу бөлүнүп берилген “Жайыт” Сх-2 багытындагы 1,5 га жер аянты П-! “Өндүрүштүк” багытка убактылуу өткөрүлүп берилсин.
3. Керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына /Г.Матказыев/ милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Рахматов
|