Редакцияот 19.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кенешинин V чакырылышынын XXIII-сессиясы

 

2016-жылдын 19-августу № 64

Баткен шаарынын К.Турмаматов жана Салихов көчөлөрүндөгү  муниципалдык менчик департаментинин балансасындагы жер аянтын жеке ишкер А.Буркановдун менчик жер аянтына  алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө Мыйзамынын №33 пункутунун 5-пункутуна жана Баткен шаарынын жек ишкер тургуну Бурканов Абдиназардын өзүнүн макулдук катынын негизинде , Баткен шаар мэриясынын сунушунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын М.Салихов жана К.Турмаматов көчөсүнүн кесилишиндеги жеке ишкер А.Буркановдун жеке  менчигиндеги 28,8 м2 жер аянты шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасындагы 27 м2 жер аянтына шаардын инфраструктурасы үчүн алмашырууга макулдук берилсин.

2. Жер аянттарын башма баш алмаштыруу үчүн керектүү болгон юридикалык документтерин жүргүзүү жагы шаар мэриясына /Г.Матказыев/ тапшырылсын.

3. Ушул тоткомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.

 

Балыкчы шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э.Рахматов