Редакцияот 22.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 22-августу № 21/2

Баш-Дөбө айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата айыл аймагын өнүүктүүрүү боюнча Стратегиялык планынын долбоорун бекитүү жөнүндө

Баш-Дөбө айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата БУУ “Ош облусунун комплектүү өнүктүрүү” программасынын алкагында айылдарды социалдык экономикалык жактан өнүүктүрүүгө даярдалган статегиялык өнүгүү планынын долбоору боюнча билдирүүлөрүн угуп, кызыктуу талкуулап жана ишке ашыруу максатында Баш-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Дөбө айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык өнүктүрүү планынын долбоору жактырылсын жана алымча кошумча менен бекитилсин.

2. 2016-2018-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышын камсыз кылуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. 2016-2018-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык планды ишке ашыруу максатында Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

4. Стратегиялык өнүгүү планынын негизинде жыл сайын жылдык социалдык экономикалык өнүгүү планын (анын ичинде  экономикалык божомол) анын чараларын иштеп чыксын жана аны ишке ашырсын;

5. Бир жылдык социалдык экономикалык өнүгүү планын аткарылуусу жөнүндө отчеттук жылдан кийин жылдын 1-кварталында атуулдук коомдун катышуусунда айылдык кеңештин сессиясында айыл өкмөтүнүн отчету угулсун:

6. Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата иш-планынын долбоору бекитилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына жана туруктуу  комиссиялларынын төрагаларына жүктөлсүн.

 

Ак-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Б. Турганбаев