Редакцияот 22.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 22-августу № 21/4

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо департаментнин алдындагы калкты жана жарандарды каттоо кызматы менен Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо департаментинин алдындагы калкты жана жарандарды каттоо кызматы менен Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө Баш-Дөбө айылдык кенешинин (V) шайланган кезектеги ХХI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо департаментинин алдындагы калкты жана жарандарды каттоо кызматы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн  келишими бекитилсин.

2. Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө мыйзам боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Баш-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Т.Эргешбаев