Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 22/2
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн экономикалык-пландоо аймагын аймактык “К” коэффициентинин маанисин жана кыймылсыз мүлктүн 1,2,3-обьектерине салык чегерүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн райондук башкармалыгынын 2014-жылдын “__” сентябрындагы №07-01-566 көрсөтмөсү жөнүндө маселе, “финансы, экономикалык, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери”боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл аймагындагы экономикалык-пландоо аймагын Кеңеш, Кызыл-Кырман, Кош-коргон, Кашка-Терек айылдарын камтыган чек ара бекитилсин.
2. Экономикалык-пландоонун аймактык коэффиценти “К” 1,2 ге барабар деп кабыл алынсын.
3. Бул токтом жер салыгын эсептөөдө жана кыймылсыз мүлктүн 1-,2-,3-топтогу обьектилерине салык чигерүү 2017-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу жагы “финансы, экономикалык, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери”боюнча туруктуу комиссиянын башчысы: Ысаков Сапан, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Хакимов Созбалага тапшырылсын.
Баш-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Идрисов
|