Редакцияот 13.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын VI сессиясы

 

2017-жылдын 13-февралы № 2

 

Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин  кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 16 049,1 миң сом  жана чыгаша бөлүгү миң сом 16 049,1 сом менен бекитилсин.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү:

    - теңдөөчү гранттар 10718,6 миң сом

    - жергиликтүү киреше5330,5 миң сом

Бардыгы                      16 049,1 миң сом

   Жергиликтүү бюджеттин  чыгаша  бөлүгү :

   -аппараттын чыгымдары   8646,6 миң сом

  -аймактагы орто мектептерге 2050,2 миң сом

  - балдар бакчаларына                     2205,1 миң сом

  - айылдык клубдарга                       1889,8 миң сом

  - айылдык китепканаларга 498,4 миң сом

 - аппараттын атайын каражатына            40,0 миң сом

  - балдар бакчасынын атайын каражатына719,0 миң сом

Бардыгы -                                 16 049,1 мин сом

2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Кашка-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Ы. Эрмаматов