Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 9
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339- статьясынын 4-беренесине ылайык аймактагы айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коэфиценттерин өлчөмүн бекитүү жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеёешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339- статьясынын 1-беренесинде белгиленген жердин ставкасы таблицанын негизинде жашаган калктын санына карата 1,6 сом –м2 бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339- статьясынын 4-беренесинде бекитилген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КЗ – зоналдык коэффицент 1,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339- статьясынын 6-беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө комерциялык коэффицентин (КК) өлчөмү дүкөндөр үчүн төмондөгө таблицанын негизинде
Аянт М2 | 10 м2 чейин | 10-20 чейин М2 | 20-35 м2 | 35-50 м2 | 50 андан жогору м2 |
Ккнын негизи | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6 |
4. Жана АЗС тер үчүн 10 сом м2, техникаларды оңдоочу жайлары үчүн м2-0,2 жана тоо кен иштеткен ишканалардын имараттары жана сооружениелери үчүн м2-0,3 сом бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339- статьясынын 5-пункутуна ылайык аймакта калк жашаган конуштардын эшик алды жер аянттарынан , жашап жаткан менчик үйлөрүнүн бөлүгүн, же үйлүрүн пайдаланган учурга айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коммерциялык коэффиценти Кк 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеёешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов
|