Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 9
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланган жер аянттарын салык өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланган жер аянттарын салыгы суулу жер аянттарына Салык Кодексинин 337-ст 1-беренесине ылайык 183 сом, чөп чабынды жерлер үчүн 21,10 сом жана аренданын жер салыгы үчүн 91,50 сом салык төлөмү бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеёешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов
|