Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 11
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аймакта жашаган жарандардын техникасына салык өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймакта жашаган жарандардын жеке менчик авто унаалардына 410,0 сом өлчөмүндө салык төлөмдөрү бекитилсин.
2. Салык Кодексинин 328-статьясынын а-пунктунда белгиленген автоунаалардын салык ставкасы кыймылдаткыч күчүнө карата төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.
Жеңил автоунаалар:
5-жылга чейин 0,90 тыйын
5-жылдан 10-жылга чейин 0,75 тыйын
10-15 жылда 0,60 тыйын
15-жылдан жогору 0,45 тыйын
Жүк ташуучу авто унаалар:
5-жылга чейин 0,75 тыйын
5-жылдан 10-жылга чейин 0,60 тыйын
10-15-жылга 0,45 тыйын
15-жылдан жогору 0.30 тыйын
Айыл чарбасындагы техникалар (трактор,комбайндар)
15-жылга чейин 0,30 тыйын
15-жылдан жогору 0,05 тыйын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов
|